Мультиплеттүүлүк
Мультиплеттүүлүк – атом же молекуланын спининин мейкиндикте мүмкүн болуучу багыт саны.
Мультиплеттүүлүк бөлүк-чөнүн энергия деңгээлчелеринин санын аныктайт. Ал деңгээлчелерде спин-орбиталдык өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында энергия деңгээлдеринин ажырашы мүмкүн. Атомдор менен молекулалардын квант абалдары үчүн Мультиплеттүүлүктүн мааниси туюкталбаган катмардагы электрондордун саны менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0