Мультиполь

Википедия дан

Мультиполь (лат. multum – көп жана гр. polos – уюл) электрдик – белгилүү симметрияга ээ болгон электр заряддарынын (уюлдар) системасы. Татаалдыгына жараша мультипольдун нөл тартиби бир заряд, 1-тартиптегиси – диполь, 2 – квадруполь, 3 – октуполь жана башкалар. деп аталат. Мультипольдун негизги мүнөздөөчүсү – мультипольдук момент жана ал сырткы талаалар менен болгон энергиялык байланышын, талаанын бурчтук көз карандылыгын, негизги чоңдуктарын аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]