Мумиё

Википедия дан

Мумиё, тоо бальзамы, аркар таш – теги биологиялык чайыр сымал табигый зат. Аска-зоолордун жаракаларынан сызылып чыгып турат. Түрлөрү көп. Өңү-түсү ак, көгүш, кызгылтым, кара күрөң жана башкалар. Химиялык курамы туруксуз, негизинен зоомеланоэдин, гумин, гиппур, бензой кислотасы, амин кислотасы, туздар, микроэлементтер, ар түрдүү өсүмдүктөрдүн калдыктары кездешет. Бальзам сымал жыты бар, формасыз. Алтын (кызгылтым), күмүш (ак), жез (көгүш), темир (кара күрөң) мумиё деп бөлүнөт. Темир мумиё бардык жерде жолугат. Гималай, Теңир-Тоо, Араб жарым аралындагы, Иран, Моңголия, Бирмадагы жана башка тоолордо кездешет. Дартка даба, организмге пайдалуу зат. Сөөктүн сыныгын, ичеги-карын ооруларын, бронхит астмасын, өпкө учугун, жарааттарды дарылоодо кеңири колдонулат. Учурда Кыргызстанда ар кандай дарылар жасалууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]