Муназара

Википедия дан

Муназара (ар. – талаш-тартыш) – Чыгыш адабиятындагы жанр; бири-бирине көзкарашы, түшүнүгү, туткан идеясы карама-каршы турган эки тараптын талаш-тартыштары чагылдырылган чыгармалар. Муназара кара сөздө да, ырда да учурайт.Каршы тараптар өз ойлорунун, пикирлеринин тууралыгы, чындыгы, пайдасы үчүн күрөшөт. Мында образдар жандандырылат, кейиптештирилет. Алгачкы үлгүлөрү 3–4 кылымда фарсы тилинде жазылган “Ассирия дарагы” деген ырда сакталган, анда эчки менен пальма дарагы кимиси адамга пайдалуу экенин талашат. Махмуд Кашкарлыктын “Түркий тилдер сөз жыйнагы” деген китебинде жаз менен кыштын ортосундагы Муназара берилет да, төрт саптан турган строфалар а–а–а–б, в–в–в–б тибинде уйкашат. Бул Муназарада эки мезгилдин ар биринин өзүнө гана таандык касиеттери, сулуулугу өтө образдуу ачылат. Ошондой эле Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанынын айрым үзүндүлөрү да Муназара формасында жазылган. II кылымда жашаган түрк акыны Асади Тусийдин “Түн менен күн муназарасы”, “Асман менен жер муназарасы”, “Каапыр менен мусулман муназарасы” деген чыгармаларында бул жанр бир кыйла бийиктикке көтөрүлгөн, философиялык ыймандык маселелери тереңдетилген. Муазара формасындагы ырлар азыркы кыргыз поэзиясында да орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004