Мунайлуу аймактар

Википедия дан

Мунайлуу аймактар ― курамында көп сандаган көмүртектүү органикалык заттар кездешкен чөкмө тектер тараган аймактар. Аянты бир нече миллион км2ге чейин жетет. Азыркы кезде жер бетинде 350гө жакын нефтилүү аймактар бар. Булардын ичинен 140 бассейн өнөр жайлыклык мааниге ээ. Тектоникалык түзүлүштөрү боюнча платформалык (30%), геосинклиналдык (35%), четки ийилүүлүк (15%), океан четтериндеги платформалык (15%) түрлөргө бөлүнөт. Кайнозой заманына 25%, мезозойго 55%, палеозойго 20% запасы туура келет. Өз ичинен мунайлуу, мунай-газдуу аймактарга, райондорго, зоналарга бөлүнөт. Дүйнө жүзүндө 28 миңге жакын кени бар (1973). Бардык чалгындалган мунайдын 20% Сауд Арабиясы (Гавар) менен Кувейтке (Бурган) туура келет. Мунай бардык жерде (Антарктидадан башка) жолугат (к. Таблицасы 580-бетте).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]