Мунай азыктарын тазалоо

Википедия дан

Мунай азыктарын тазалоо ― мунай азыктарынан отун жанамайдын эксплуатациялык касиетине терс таасир тийгизүүчү керексиз аралашмаларды бөлүү. Андай заттарга күкүрттүү жана азоттуу бирикмелер, асфальт-чайыр заттары, кум, чопо, чаң, газдар, минералдык туздар жанасуу кирет. Өнөр жайда химиялык, физикалык, химиялык жана катализдик жолдор менен тазаланат. Химиялык тазалоодо тазалануучу продуктуга түрдүү реагенттерди таасир этип, керексиз бирикмелер ажыратылат. Физикалык-химиялык тазалоодо эриткичтердин жардамы менен керексиз заттар тандалып бөлүнөт. Адсорбциялык тазалоодо мунай азыктарынан чексиз углеводороддор, чайырлар, комитеталар жана башка заттар бөлүнөт. Катализдик тазалоо күкүрттүү, азоттуу, кычкылтектүү бирикмелерди бөлүү үчүн колдонулат. Минералдык туздар гидролизге учурап, кислотаны пайда кылып, аппараттарды дат басууга алып келет. Чопо, чаң жанакум аппараттардын жылуулук өткөргүчтүгүн төмөндөтөт. Суу мунайдын ректификация аркылуу бөлүнүшүнө тоскоол болот. Ошондуктан мунай ажыратууга чейин тазаланышы керек. Эриген газдар атайын машинанын жардамы мененбөлүнүп алынат. Басым төмөндөгөндө газ мененбирге жеңил углеводороддордун аралашмасы бөлүнүп чыгат. Мунайды тундурууда катуу заттар чөктүрүлөт. Жылуу суу мененбир нече ирет жууп, мунайды минералдык туздардан тазалайт. Суу мунай менентуруктуу эмульсияны пайда кылгандыктан, ага эмульсияны буза турган заттар кошулат. Мисалы, нафтен комитетасынын натрий тузун кошуп ысытууда эмульсия бузулуп, мунай суудан ажырайт. Эгерде жылытылган мунай аркылуу электр тогун өткөрсө, эмульсия тезирээк ажырап, суу тундуруудан кийин жеңил эле бөлүнүп чыгат. 1 м3 мунайдан орточо 30–50 м3 газдардын аралашмасы бөлүнүп алынат. Алар химия өнөр жайында негизги сырьё болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]