Мунай майлары

Википедия дан

Мунай майлары — кыймылдаткычтар, ө. ж. тетиктерин, жабдыктарын майлоо үчүн, гидросистемаларда жумуш-чу суюктук катары, металлды иштетүүдө, медицинада колдонулуучу ар түрдүү класстагы жогорку мол-луу углевозороддор аралашмасы. Н. м. касиети, сапаты, курамы алгачкы заттар курамына жана аларды кайра иштетүүнүн методуна жараша болот. Негизги сапаттарына анын илээшкектиги, жабышкактыгы, эрип кетүү жана катып калуу жөнөмдүүлүктөрү кирет. Колдонулушуна жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: Машиналар үчүн; 2. Автотранспорт; авиация үчүн; 3. Компрессор, цилиндрлер; 4. Өзгөчө сапаттуу майлар. Аз илээшкектүү майлар көп тегеренүүчү, кыймылдоочу механизмдерде — кийим тигүүчү машиналарда, илээшкектиги жогору майлар подшипниктерде, станоктордо, эң жогорку илээшкектүү май — автол автотрактор, авиация, буу машина-ында колдонулат. Атайын аралашмалары бар майдын кээ бир түрлөрү солидол, консталин жогорку температурада басымда иштөөчү механизмдер, металл материалдарын даттан сактоодо пайдаланылат; өзгөчө сапаттуу майлар медицинада, парфюмерияда жана башка колдонулат. Кыймылдаткычтар иштеген учурда майлар окистенүүгө туруктуу болушу үчүн анын курамына амин-фенолдор кошулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]