Мунай сактагыч

Википедия дан

Мунай сактагыч ― мунай же нмунай азыктарын сактоочу резервуар. Жер үстүндөгү, жарым-жартылай жер астындагы, жер астындагы түрлөрдөн турат. Металл, темир бетон, пластмассадан жасалат. Жер үстүндөгү резервуар цилиндр (вертикалдуу же горизонталдуу), сфера түспөлдө болуп, үстү конус, калкан, жарым шар сыяктуу жабылат. Мунай азыктарындагы конус формасында жабылган резервуардын сыйымдуулугу 100–5000 м3, тыгыздыгы 0,9 т/м3. Ички газдык басымы 27–93 кг/м3 болгон нефть жананефть продуктулары вертикалдуу резервуарларда кездешет. Болоттон жасалган атайын конструкцияларда тунук, түссүз продуктулар, сфера түрүндөгү резервуарларга суюлтулган газдар, суюк продуктулар сакталат. Жарым жартылай жер астындагы Н. с-тын сыйымдуулугу 500– 30000 м3 келип, темир-бетондон курулат. Бензин, дизелдик отундар, керосин сакталат. Аз убакытка сактоочу жер астындагы резервуарлар 100 мдей тереңдикте казылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]