Мундштук

Википедия дан

Мундштук, мүштөк (нем. mund - ооз, stuck - кесинди) - үйлөмө музыкалык аспаптын аткаруучунун оозу, илеби, тиши, тили менен катнашып туруучу бөлүгү.

Адатта Мундштук чыгарылып, кайта салынма болот. Тикесинен бойлото кармалып ойнолуучу кларнеттин, саксофондун Мундштуку канаттуулардын тумшугу сымал болот. Ал эми табигый добуш катарлуу үйлөмө аспаптардын Мундштуку кадимки мүштөк түрүндө болуп, түзүлүшү боюнча чарадан, моюндан жана түтүктөн турат. Мындай ички түзулүшү. диаметри, узундугу аспаптын добуш тембрине таасир тийгизет. Аны менен аспаптын акустикалык, добуш алуу өзгөчөлүгү байланышта,

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.