Мунку мөңгүсү
Мунку мөңгүсү — Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 3,4 км2, көлөмү 0,19 км3. Аравансайдын сол курамы–Чилисайдын алабында жайгашкан.Башы деңиз деңгели 4800 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м, абляция облусунун аянты 2,8 км2. Кийинки мезгилде мөңгү тартылууда. Андан Мунку суусу башталып, Агартка (Чилисай суусунун оң курамы) сол тараптан куят.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
[1](жеткиликсиз шилтеме)