Мурас укугу

Википедия дан

Мурас укугу — адам өлгөндон ки­йин анын мүлкүнүн башка адамга (мураскерге) өтушүн жөнгө салуучу гражд.-укук нормаларынын жыйындысы.

Мыйзам боюнча мурастоодо өлгөндүн мүлкү мыйзамда көрсөтүлгөн мураскерлерге өтөт. Биринчи иретте балдарына (анын ичинде асыранды балдар), ар­тында калган жубайына, өлгөндүн эмгекке жарамсыз ата-энесине жана анын багуусунда 1 жылдан кем эмес турган (туугандык жакынчылыгына карабастан) адамга калтырылат. Мураскери жок болсо, өлгөндүн мүлкү анын ата-энесине, бир туугандарына өтөт. Өлгөн адам керээз калтырбаса же керээз мүлктүн бөлүгүнө гана тийиштүү болсо, мурас ээлөө мыйзамга ылайык ыйгарылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.