Мураталиева Айнагүл Мойдиновна

Википедия дан

Мураталиева Айнагүл Мойдиновна (1. 4. 1959-ж. туулган, 8-Март кыштагы) - агартуучу, ишкер.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1982).
  • Эмгек жолун 1982-ж. Кожомкул кыштагында С. Мырзакматов атындагы орто мектепте математика мугалими болуп баштаган.
  • 1999-жылдан өкмөттүк эмес эл аралык инвестиция уюмдары менен кызматташа баштайт.
  • Кожомкул кыштагындагы эски бала-бакчанын имаратын инвестиция аркылуу оңдотуп, маалымат ресурстук борбор жана чакан өндүрүштөрдү уюштурган.
  • Учурда бул борбордо тигүү, кийиз жасоочу, жүн тытуучу цехтер, айылдык клуб иштейт.
  • Ал 1999-2009-жылдары 100дөн ашуун топторду түзүп, «Айыл банк», «Финка», «Байтүшүм», «Компаньон» кредиттик уюмдардан элге кредит алууга көмөк көрсөтүп, чакан бизнестерин өнүктүрүүгө жардам берген.
  • Кожомкул кыштагынын инфраструктурасын өнүктүрүүдө ПРООН, АРИС программаларынан гранттык долбоорлорду утуп, аны айылдын экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга жумшап келет.
  • 1999-жылдан Кожомкул кыштагындагы ПРООНдун жакырчылыкты жоюу программасы боюнча өкүлү.
  • Суусамыр айылдык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9