Мураталиева Гүлсыйна Нусубалы кызы

Википедия дан

Мураталиева Гүлсыйна Нусубалы кызы (4. 3. 1941-ж. туулган, Жумгал району, Үлгү кыштагы) - колунан көөрү төгүлгөн уз.

  • Эң жакшы бычмачы, өтө жогорку сапатта тигүүчү жана боз үйдүн жасалгаларын даярдоонун устаты.
  • Билими орто.
  • Үй кызматында.
  • Өз алдынча узчулук менен алектенет.
  • Узчулукту чоң энеси Айымбүбүдөн жана чоң кайын энеси Айымкандан таасирленип, үйрөнгөн.
  • Кыргыздын улуттук кийимдерин (а. и. өзгөчө баш кийимдерди) жана заманбап кийимдерге чейин бир көрүп тигет.
  • Туш кийиз сайып, шырдак оюп, шырдак шырып, боз үйдүн бардык жасалгаларын жасайт.
  • Чий кооздоп, терме терет.
  • Кооздоп жасаган боз үйүнүн бири кайын атасы Төралынын 100 жылдык маарекесиде тигилген.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9