Мазмунга өтүү

Мурзаев Абдумажит

Википедия дан

Мурзаев Абдумажит – жазуучу. Көк-Жаңгак шаарында 1952-жылы 16-январда туулган. 1967-жылы Сузак районунун Ф.Э.Дзержинский атындагы сегиз жылдык мек-тепти, 1969-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти бүтүргөн.

1969–1970-жылы Сузак районундагы «Дружба» совхозунда жумушчу болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1971-жылы Фрунзедеги №1 техникалык окуу жайын аяктап, 1972-жылы Кыргызстан Журналисттер союзунун алдындагы Элдик университетин бүтүргөн.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги №3 төрөт үйүндө, 1978-жылдан Кыргыз илим-изилдөө, онкология жана радиология институтунда анестезиолог-хирург болуп эмгектенет.

1979–1980-жж. Забайкалье аскер округунда медицина кызматынын лейтенанты, улук лейтенанты болуп кызмат өтөгөн. 1981-жылдан Кыргыз илим-изилдөө онкология жана радиология институтунда жогорку категориядагы хирургонколог болуп эмгектенип келет.

«Советтик Кыргызстан», «Советская Киргизия» жана Забайкалье аскер округунун «На боевом посту» гезиттеринин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

1973–1983-жж. Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз ССРинин жумушчу жана айылдык кабарчыларынын I жана II съездинин делегаты болгон. «Советтик Кыргызстан» гезитинин Ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган. Ошондой эле жаш жазуучулардын кеңешмелеринин фестивалынын катышуучусу болгон.

«Будь здоров» гезитинин редактору, «Ден соолукка миң кеңеш» гезитинин редколлегия мүчөсү.

Публицистикалык макалалары, очерктери «Советтик Кыргызстан», «Советская Киргизия», «Комсомолец Киргизия», «Ленинчил жаш» гезиттеринде, «Кыргызстан аялдары», «Ден соолук», «Жаш ленинчи» журналдарында, «Молодежь Якутии», «На боевом посту» ж.б. мезгилдүү басылмаларда жарык көргөн.

2002-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

2010-жылы «Мусатафа Кемаль (Ататүрк)» илим жана маданият Эл аралык кайрымдуулук фондусунун Алтын колдуу хирург наамын ыйгарылып, Алтын медаль менен, 2011-жылы Тыныстанов жөнүндөгү чыгармасы, адабиятка кошкон салымы жана жеке чыгармачылыгы үчүн «Мусатафа Кемаль (Ататүрк)» илим жана маданият Эл аралык кайрымдуулук фондусунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Онкологиялык ооруканаларда орусча-кыргызча сүйлөшмө сөздүгү. – Б., 1992. – 56 б.

Уйкусуз түн: Аңгемелер, новелла. – Б.: УИАнын типографиясы, 1995. – 136 б.

Куугунтук: К.Тыныстанов жөнүндө даректүү баян. – Б.: «Веста» ЖЧКсы, 2007. – 283 б.

Касым Тыныстанов: Кылымдар кырында. – Б.: Турар. 2011. – 145 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]