Мурманск

Википедия дан
Мурманск.

Мурманск (1917-жылы чейин Романовна-Мурмане) – Баатыр-шаар (1985). РФтин курамында. Мурма облусунун административдик борбору. Түндүкуюл айланасынын ары жагында, көп жылдык тоң таралган зонада жайгашкан. Баренц деңизинин Кола булуңундагы тоңбогон порт. Калкы 307,3 миң (2010). Темир жол бекети. Аэропорт бар. Мурманск темир жол магистралынын, Санкт-Петербург–Мурманск автомобиль жолунун акыркы пункту. Өнөр жайынын негизги тармагы балык кармап белендөө, кеме оңдоо, курулуш материалы. Шаарда трал менен балык (сельдь жана башкалар) кармоочу жана кабыл алуучу транспорт флоттору топтолгон. Түндүк деңиз жолунун башталгыч пункту. Үч ЖОЖ, 3 театр (драма, куурчак), филармония, край таануу, сүрөт, аскер-деңиз музейлери бар. Шаар 1916-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]