Мазмунга өтүү

Мурсалимов Сайботтал Хабибулович

Википедия дан

Мурсалимов Сайботтал Хабибулович (20. 2. 1930-жылы туулган, Фрунзе) – спортчу (ат спорту). СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1980). КМДТИни бүтүргөн (1972). 1948-жылдан Республикалык олимпияда резерви ат спорту мектебинде машыктыргыч болуп иштейт. Рим шаарында өткөн 17-Олимпиялык оюнда (1960) ат спортунун 3 түрүнөн Кыргызстандан 1-болуп СССРдин тандалма командасынын курамында катышып, 5-орунду, Токиодо (Япония) өткөн 18-Олимпиялык оюнда (1964) 5-орунду (командалык), Европанын чемпионатында СССРдин командасы 1-орунга чыгып, өзү 7-орунду (1965) жеңип алган. СССР элдеринин 2-спартакиадасында баш байгени жеңип, Республикага алгачкы алтын медалды алып келген (1959). СССРдин бир нече жолку чемпиону (1964–70). 30 спорт чеберин даярдаган, aлардын ичинде Олимпиялык оюндардын (1980) призёру (2-орун) А. Блинов бар. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]