Мурун бүтүү

Википедия дан

Мурун бүтүү, ринит – мурундун былжыр челинин сезгениши; мурундан суюктук көп чыгып, дем алуу кыйындайт. Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Мурун бүтүү микроб козгогон өз алдынча оору; кээде айрым жугуштуу же аллергиялык оорулардын белгиси катары пайда болот. Суук тийүү мурундун бүтүшүнө түрткү болот. Катуу кармаганда оорулуу чүчкүрө баштайт, тамагы, кеңилжээри кычышып, кээде дене ысыйт. Андан кийин мурундан суу агып, үнү өзгөрүлөт, жыт сезбей калат. Чеке же көз чарасы ооруйт. Айрыкча эмчектеги балдарда оор өтөт. Мурун менен дем алуунун кыйындашы баланын абалын начарлатат. Алардын мурду бүткөндө сезгенүү кулак, тамак, бронхторго, өпкөгө чейин таралышы мүмкүн. Өнөкөт түрүнө катуу кармаган мурун бүтүүнүн бат-бат кайталанышы, мурундун былжыр челин чаң жана газ дайыма дүүлүктүрүүсү, аденоид, мурун сөөгүнүн кыйшайышы, мурундун кошумча кобулдарынын ириңдүү сезгениши (гайморит) жана башкалар себеп болот. Нерви бош жана жытты өтө сезгич адамдарда аллергиялык мурун бүтүү кездешет. Дарылоону врач жүргүзөт. Былжыр челдеги шишикти азайтуу жана дем алууну жакшыртуу үчүн кан тамырды тарытуучу суюк дарыларды мурунга тамызуу керек. Чаңдуу жерде иштегендерге бет кеп кийүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]