Мурч

Википедия дан

Мурч (Piper nigrum) – өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумундагы капсикум уруусуна кирүүчү калемпирдин бир түрчөсү, чөп. Сабагы ичке, солкулдак, узундугу 10–12 м. Жалбырагы жөнөкөй, сүйрү, кабыктуу, кезектешип жайгашат. Гүлү майда саргыч же ак. Мөмөсү тоголок, жалгыз уруктуу, диаметри 3–5 мм, көк, бышканда кызгылт, кургаганда каралжын түскө өтөт. Мекени – Индия, Түштүк-Чыгыш Азия, Чыгыш Африка жана Американын тропиги. КМШ өлкөлөрүндө жылыткычта өстүрүлөт. М. өстүрүлүшүнө жараша 5–6 айда же 3–4 жылда гүлдөйт, 5–10 айда бышат. Ал татымал катары колдонулат. Сапаты курамындагы пиперин алкалоиди менен эфир майына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]