Мусабаев Темирбек

Википедия дан

Мусабаев Темирбек (14. 10. 1971-ж. туулган, Кожомкул кыштагы) - көк бөрүчү. 1989-91-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

  • 1993-ж. Парын шаарындагы автошколаны бүтүргөн.
  • 1993-95-жылдары Сокулук районундагы «Рассвет» колхозунда айдоочу, 1995-жылдан ушул жерде уюшулган «Рассвет» командасында көк бөрүчү.
  • 2002-ж. көк бөрү боюнча «Спорт чебери» наамына татыктуу болгон.
  • Ал катышкан команда 1999-ж.
  • көк бөрү боюнча республикалык чемпионатта 1-орунду, ошол эле жылы Өзбекстандын Навои шаарында өткөрүлгөн көк бөрү боюнча I турнирде 1-орунду, Байтик баатырдын 175 жылдыгында, Жайыл баатырдын 300 жылдыгында, Бишкек шаарынын 170 жылдыгында, 2002-жылкы Алматы шаарындагы көк бөрү боюнча мелдештерде 1-орунду жеңип алышкан.
  • Ошондой эле ал балбан катары да оодарыш боюнча Республиканын үч жолку чемпиону.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9