Мусаева Венера

Википедия дан

Мусаева Венера Инаятовнафилолог, тилчи, методист, окумуштуу, педагог, лектор, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ат-Башы районунун Казыбек (мурунку Пограничник) айылында 1958-жылы 1-июлда мугалимдин уй-булөсундө туулган.1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1980-1982-жж. Пограничник колхозунун орто мектебинде кыргыз тили, адабияты мугалими, 1982-1988-жж. Кыргыз педагогикалык илим-изилдөө институтунда кыргыз тили, адабияты бөлүмүндө кенже илимий кызматкер, 1988-2009-жж. илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, 2009-2016-жж. Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясында жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер катары эмгектенген. 2008-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, 2012-жылы ага илимий кызматкер (доцент) илимий наамына татыктуу болгон. 2015-жылы педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон. Кыргыз тилинин предметтик (мамлекеттик) стандартынын, концепциясынын, окуу программасынын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын, окуу-методикалык куралдарынын бир нече жылдардан бери негизги авторлорунан болуп саналат. Бир нечелеген монографиялары жарык көргөн. Бала бакчаларга арнап, "Алиппеге кадам" окуу китебин, кызы Айпери менен биргеликте кыргыз, орус жана англис тилдеринде балдарды көп тилдүүлүккө окутуп-үйрөтүү багытында "Тап-тап табышмак. Раскраска. Puzzles", "Шайыр тамга. Веселые буквы. Funny letters" "Боёмо тамгалар. Раскраска. Colour book" аттуу түстүү сүрөттүү окуу куралдарын (үч тилдеги сөздүгү менен) иштеп чыккан. Алгачкы ирет 2-3-4-класстардын "Адеп" окуу китептерин жана анын методикалык колдонмолорун иштеп чыккан авторлордун бири. Өзбек Республикасындагы кыргыз мектептеринде 7-класс, 10-11-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китептери бир катар жылдар бою окутулуп келген. 2007-жылы 7-класстын «Кыргыз тили» окуу китеби конкурста жеңип чыгып, Өзбек Республикасынын 3-даражадагы дипломуна татыган. 2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан илим жана билим багытындагы өзгөчө эмгектери жана ийгиликтери учун "Мыкты илимпоз айым" номинациясына, илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери учун КББАнын "Диплому" менен сыйланган.

В.И.Мусаева 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетиндеги кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасында профессордун милдетин аткаруучулук кызматта эмгектенет. Бакалавриат студенттерге жана магистранттарга "Кыргыз тили", "Кыргыз тилинин практикалык курсу", "Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы", Балдар риторикасы", "Дүйнөлүк көркөм маданият", "Кыргыз тили жана адабияты", "Көркөм окуунун практикуму боюнча сөз өстүрүүнүн теориясы менен методикасы", "Башталгыч мектепте адеп сабагын окутуунун методикасы" , "Кеп маданияты жана стилистика", "Азыркы кыргыз тили", "Кенже курактагы окуучулардын коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу", "Билим берүүнүн жаңы технологиялары ж.б. аталыштардагы окуу дисциплиналары боюнча лекцияларды окуп, практикалык сабактарды өткөрүп, студенттердин өз алдынча илимий-практикалык иштерин жетектөө менен окуу-методикалык комплектилерди даярдаган. Төрт окуу дисциплинасы боюнча типтүү программмаларды иштеп чыккан. Ар бир окуу жылында орто мектептерде студенттердин кесиптик педагогикалык практикаларын өткөрттүрүү менен кесипке багыттоо иштерин аткарып келет. Мамлекеттик сынактарга катышып, кафедрада илимий иштерди алып баруу менен бирге эле, факульттеттин жана Университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында да системалуу эмгектенүү менен 2 педагогика илимдеринин кандидатын, 15тен ашуун магистранттарды даярдап чыгарды. Учурда 15тен ашуун аспиранттын илимий жетекчиси жана 3 докторанттын илимий кеңешчиси катары эмгектенет. Педагогика жана психология илимдери боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү катары 13.00.02 - окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча экспертттик жана оппоненттик милдеттерди аткарып келген. Эл аралык маанидеги илимий-практикалык конференцияларга, тренинг, вебинар, мастер класстарга онлайн түрүндө катышып, бир нечелеген эл аралык сертификаттарга ээ болгон. Илимий журналдарга эки жүздөн ашуун макаласы жарык көргөн.

В.И.Мусаева «Эл агартуунун мыктысы» (1993), «Түгөлбай Ата» коомунун «Көк Асаба» диплому, «Алтын медалы» (2005) жана «Кыргыз жылдызы» (2006), Улуттук тил комиссиясынын төш белгиси (2011) Кыргыз улуттук «Манас  Ордо» комплексиндеги коомдук Манас академиясынын «Айкөл Манас» төш белгиси (2013), Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төш белгиси (2016), “К.Сартбаев” атындагы төш белги (2021), КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин "Илимдин мыктысы" (2023) төш белгисине татыктуу болгон, И.Арабаев атындагы КМУдагы санариптешүүнүн шартында окуу, окуу-методикалык жана илимий иштер боюнча рейтингдин жыйынтыгынын негизинде “Жылдын мыкты доценти” дипломдорунун (2023) ээси. Кыргыз билим берүү академиясынын (2005, 2011, 2015), КРнын Билим берүү, илим министрлигинин (2006), Улуттук тил комиссиясынын (2006), Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын (инин), И.Арабаев атындагы КМУнун (2016-2020) Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы (2021), менен сыйланган. В.И.Мусаева  КРнын Журналисттер союзунун (1997), КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү (2011), Кыргызстан калкынын ассамблеясынын  (1995), «Түгөлбай Ата» коомунун (1995), эл аралык «Ч.Айтматов» клубунун (1995) ардактуу мүчөсү. Бир нечелеген ыраазычылык каттардын жана эл аралык сертификаттардын ээси.    

Жарык көргөн илимий-методикалык эмгектери (Опубликованные научно-методические труды)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуу нормативдик документтери. Предметтик стандарттары (Учебно-нормативные документы. Предметные стандарты):

Республиканын мектептеринде кыргыз тили жана адабияты боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары (V-XI класстар) -Б.: 1996. -52 б.(1-22-бб.) / КРнын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү институту

Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары (V-XIкласстар) -Б.: "Билим куту", 2006. -307 б. (174-193-бб.) / КРнын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги. Кыргыз билим берүү институту

Кыргыз тилин эне тил катары окутуунун предметтик (мамлекеттик) стандарты. -Б.: 2012-2023-жж.

Окуу программалары. (Учебные программы):

Кыргыз тилинин окуу программасы Орто мектептердин 5-11-класстары үчүн. -Ф.: "Мектеп"1989; -Б.: "Кыргызстан", 1998.-80 б.; -Б.: "Педагогика" 2002. -72 б.; -Б.: "Педагогика" 2003. -72 б.; -Б.: "ТАС", 2006. -96 б;. -Б.: 2006. -70 б.; -Б.: "Билим", 2012. 76 б.; -Б.: "Билим", 2013. 75 б.; -Б.: "Билим", 2015. 79 б.;-Б.: "Билим", 2016-2022. 79 б. (авторлош)

Кыргыз тилинин теориясы жана методикасы боюнча (13.00.02 - окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча) кандидаттык экзамендин минимум-программасы / И.Арабаев атындагы КМУ - Б.: 2021-2023-жж.15 б.

Кечки мектептер үчүн кыргыз тилинин программасы / Кыргыз билим берүү академиясы - Б.: 2012

Программа. Кыргыз тили жана адабиятынын методикасы / И.Арабаев атындагы КМПУнун Басма борбору, -Б.: 2006. -31 б.

Календарлык окуу пландары (Календарные учебные планы):

5-11-класстарда кыргыз тилин окутуунун календарлык планы / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Раритет Инфо" 1999. -32 б.

Календарлык план. Кыргыз тили. 5-11-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: 2011. -28 б.; -Б.: 2005. -31 б.

Календарлык пландар Кыргыз тили жана кыргыз адабияты. 5-11-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Алтын тамга" 2011. -132 б.

Календарлык пландар Кыргыз тили жана кыргыз адабияты. 5-11-кл. / Эксперименталдык окуу планы боюнча./ Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Алтын тамга" 2011. -121 б.

Календарлык план. Кыргыз тили. 5-11-кл. / Кыргыз билим берүү -Б.: 2012. -72 б.

Кыргыз тили жана кыргыз адабияты./ Календарлык-тематикалык план. 5-11-кл. / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: "Алтын тамга" 2020. -149 б.

Типтүү окуу программалары (Типовые программы):

Башталгыч мектепте адеп сабагын окутуунун методикасы окуу дисциплинасы боюнча (бакалавриат)-Б.: 2021. 33 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кеп маданияты жана стилистика окуу дисциплинасы боюнча (бакалавриат)-Б.: 2021. 39 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Дүйнөлүк көркөм маданият жана балдар риторикасы окуу дисциплинасы боюнча (бакалавриат) -Б.: 2021. 38 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кенже курактагы окуучулардын коммуникативдик компетенттүүлүүгүн калыптандыруу окуу дисциплинасы боюнча (магистратура) -Б.: 2021. 24 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Жумушчу окуу программалары (Рабочие учебные программы):

Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы 2016-2022-жж. / И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Кыргыз тили 2016-2022-жж. / И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Кыргыз тили жана адабияты 2016-2022-жж. / И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Кыргыз тилинин практикалык курсу 2016-2022-жж. / И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Балдар риторикасы 2016-2022-жж ./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Дүйнөлүк көркөм маданият 2016-2022-жж ./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Кеп маданияты жана стилистика 2016-2022-жж. / И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Кенже курактагы окуучулардын коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу 2016-2022-жж./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Азыркы кыргыз тили 2016-2022-жж./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Билим берүүнүн жаңы технологиялары 2016-2022-жж./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Көркөм окуунун практикуму боюнча балдардын сөзүн өстүрүүнүн теориясы менен методикасы 2016-2022-жж./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Башталгыч мектепте адеп сабагын окутуунун методикасы 2016-2022-жж./ И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультети

Антологиялары (Антологии):

Кыргыз адабиятынын антологиясы. Акындар поэзиясы. III том. - Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы. 2012. -528б.

Кыргыз адабиятынын антологиясы. Поэмалар.Ырлар.. VIII том. - Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы. 2012. -624б.

Кыргыз адабияты. I том. (Кыргыз элдик оозеки чыгармачылык, түрк элдеринин орток мурастары жана акындар поэзиясы) / Окуучулар, студенттер, аспирант-магистранттар жана мугалимдер үчүн -Б.: 2017, "Полиграфбумресурс". -272 б.

Кыргыз адабияты. II том. (Акындар поэзиясы) / Окуучулар, студенттер, аспирант-магистранттар жана мугалимдер үчүн -Б.: 2017, "Полиграфбумресурс". -240 б.

Авторефераттары (Авторефераты):

Орто мектепте кептин стилдерин окутуу менен окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүнүн илимий-методикалык негиздери (9-11-кл.) / 13.00.02 - окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты -Б.: 2008. - 23 б.

Кыргыз тилин окутууда чечендик кепке (риторикага үйрөтүүнүн илимий-методикалык негиздери (5-11-кл.) 13.00.02 - окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты -Б.: 2014. -41 б.

Монографиялары (Монографии):

Кыргыздын чечендик кебин окутуу. Монография. Б.: "Бийиктик плюс" 2013. - 303б.(Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Чечендик кепке үйрөтүү. Монография. Б.: "Бийиктик плюс", 2013. - 305 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кыргыз тили сабагында чечендик кепке үйрөтүүнүн илимий-методикалык негиздери (5-11-кл.) Монография. Б.: Полиграфбумресурс, 2016.-205 б.(Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Байланыштуу кепти грамматикалык негизде окутуунун илимий-теориялык негиздери. Монография - Б.: "Гүлчынар", 1998. - 136 б.(Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Байланыштуу кепти, кептин стилдерин окутуу. Монография. – Б.: Гүлчынар, 2009. - 143 б.(Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кеп маданиятын окутуунун теориялык жана практикалык маселелери. Монография -Б.: "Транс принт", 2018. -222 б. (авторлош) (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Педагогика адистигиндеги студенттердин кыргызча кебин байытууда сөздүк менен иштөөнүн методикасы / Монография (авторлош) / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2019. -136 б.

Кыргыз тилин жана адабиятын окутууда студенттердин кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн методикасы Монография -Б.: "Алтын тамга", 2022. -157 б. (авторлош) (Кыргыз патенттин автордук боюнча күбөлүгү)

Студенттердин кыргызча кебин байытууда сөздүк менен иштөөнүн методикасы Монография -Б.: "Алтын тамга", 2022. -135 б.(авторлош)(Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Окуу китептери (Учебники):

Кыргыз тили: Окуу китеби. 7-кл.,/ Кыргыз билим берүү академиясы –Б: 1998-2007,2015 (-176 б.) (авторлош).

Кыргыз тили. Окуу китеби 10-кл., / Кыргыз билим берүү академиясы –Б: 1998-2007, 2014. (авторлош).

Кыргыз тили. Окуу китеби. 11-класс. / Кыргыз билим берүү академиясы –Б: 1998-2007, 2014(авторлош).

Кыргыз тили 10-класс / Өзбекстан Республикасынын Элге билим берүү министрлиги бекиткен Ташкент "OZBEKISTON" Басма полиграфиялык акционердик компаниясынын башкы редакциясы, 2009. (авторлош)

Кыргыз тили 7-класс / Өзбекстан Республикасынын Элге билим берүү министрлиги бекиткен Ташкент "SHARQ" Басма полиграфиялык чыгармачылык үйү, 2005. (авторлош)

Адеп. Окуу китеби. 2-класс, / Кыргыз билим берүү академиясы – Б., 2005. 2007.2014.- 175 б. (авторлош)

Адеп.Окуу китеби 3-класс, / Кыргыз билим берүү академиясы – Б., 2005. 2007.- 182 б.. (авторлош)

Адеп. Окуу китеби 4-класс, / Кыргыз билим берүү академиясы – Б., 2005. 2007. - 178 б. (авторлош)

Алиппеге кадам. Бала бакчалар үчүн окуу китеби./ Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: ОсОО "Принт Экспресс" 2008; 2018. 137 б. (авторлош) (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Окуу куралдары (Учебные пособии):

Жоогазын. Орус мектептеринин 3-класстары учун кошумча окуу куралы./ Кыргыз билим берүү академиясы -Б: Мектеп, 1993. -101 б.

Боемо тамгалар: Бала бакчалары үчүн окуу куралы – Б.: Раритет, 1999. - 21 б.

Тап-тап табышмак. Бала бакчалар үчүн окуу куралы – Б.: Раритет, 1999. - 23 б.

Кеп маданияты жана стилистика / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2020

Сөз өстүрүүнүн теориясы менен методикасы / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2019

Кыргыз тили жана адабияты -Б.: 2019; 2020 ж.б.

Тап-тап табышмак. Раскраска. Puzzles. / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2022.(Айпери.Мусаева менен) (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Шайыр тамга. Веселые буквы. Funny letters. / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2022. (Айпери.Мусаева менен) (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Боёмо тамгалар. Раскраска. Colour book. / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: 2022. (Айпери.Мусаева менен) (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Окуу-методикалык куралдары (Учебно-методические пособии):

IV-VIII класстарда кыргыз тилин окутуунун айрым маселелери (авторлош) / Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту -Ф.: "Мектеп", 1986. -88 б.

Байланыштуу кепти нрамматикалык аспектиде окутуунун илимий-теориялык жана практикалык негиздери / И.Арабаев атындагы КМПУнун Басма борбору, -Б.: 1998. -33 б.

Баяндама жыйнагы 5-11-кл. (Сборник изложений) Кыргыз тили, адабияты мугалимдерине, мектеп окуучуларынга жана студенттерге арналат. -Б.: "Раритет Инфо" 1999. -159 б.

Жат жазуулар жыйнагы. 5-11-кл./ Кыргыз билим берүү академиясы – Б: 2015, "Гүлчынар" -139 б.

Жат жазуулар жыйнагы (5-6-кл.) Кыргыз тили, адабияты мугалимдери үчүн / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Гүлчынар", 2009. -124 б.

Жат жазуулар жыйнагы. 5-11-кл./ Кыргыз билим берүү академиясы – Б: 2017, "Гүлчынар" - 215 б.

Мектепте лексиканы окутуу. 6, 10-кл. – Б.: Мектеп, 1993. - 48 б.

Синоним сөздөрдү стилдик максатта окутуу менен байланыштуу кепти өнүктүрүү. - Б., 1998. - 35 б.

Баяндама жыйнагы. 5-11-кл. Кыргыз тили, адабияты мугалимдерине, мектеп окуучуларына жана студенттерге арналат / Кыргыз билим берүү академиясы – Б.: 2000. - 153 б.

Баяндама үчүн тексттер жыйнагы жана анын методикасы. VII-VII кл. / Кыргыз тили мугалимдери үчүн / Кыргыз билим берүү академиясы – Б., 1996. - 82 б.

Баяндама жыйнагы. 9-11-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Гүлчынар", 2009. -171 б.

Адеп окуу китебинин методикалык колдонмосу. 2-класс, / Кыргыз билим берүү академиясы– Б., 2005. - 166 б.

Адеп окуу китебинин методикалык колдонмосу. 3-класс, / Кыргыз билим берүү академиясы– Б., 2005. - 180 б

Адеп окуу китебинин методикалык колдонмосу. 4-класс. / Кыргыз билим берүү академиясы– Б., 2005. - 170 б.ли, адабияты мугалимдерине,

Кептин функционалдык стилдерин окутуу. / Кыргыз билим берүү академиясы– Б.: Алтын тамга, 2006. - 95 б.

Кыргыз тилинин таяныч чиймелери / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: "Полиграфбумресурс", 2017. -96 б.

Жазуу маданиятын окутуунун теориясы менен практикасы / И.Арабаев атындагы КМУ -Б.: "Транс Принт" 2019; 2022. -472 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кеп маданияты жана стилистика / И.Арабаев атындагы КМУ --Б.: Жчк "Транс Принт" 2022. -212 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Синтаксисти окутууда байланыштуу кепке уйротуу менен чечендик кепти онуктуруу. Кыргыз тили 8-9-кл./ Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: Алтын тамга, 2009. -35 б.

Кыргыз тилинин синтаксисин окутууда байланыштуу кепти өнүктүрүү. 8-9-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы– Б.: Алтын тамга, 2009. - 33 б.

Кыргыз тили: (кыргыз тили таблица чиймелерде). 1-4-кл, 5-11-кл. үчүн – Б.: Гүлчынар, 2009. - 67 б.

Жат жазуулар жыйнагы. 2-4-кл. – Б., 2009. - 132 б.

Кыргыз тили, адабияты. Окуучулар, студенттер, аспиранттар үчүн. –Б.: КМПУ, 2006. - 32 б.

Кыргыз тилинен баа коюунун нормалары. Маалымдама 5-11-кл. – Б.: КМПУ, 2006. - 16 б.

Кыргыз тили. 1-4-кл. - Б.: "Кыргыз жери", 2009. - 37 б.

Кыргыз тили. 5-11-кл. - Б.: "Кыргыз жери", 2009. - 75 б.

Жат жазуу жана баяндама жыйнагы / 2-4-класстар үчүн / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: 2009. -132 б.

Чечендик кепти (риториканы) окутуу. / Кыргыз билим берүү академиясы - Б.: 2011. -120 б.

Окуп-уйронуудон кутулуучу натыйжалар (Сабактын максаттары жана көрсөткүчтөрү) 5-9-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы. "Сапаттуу билим" долбоору. Б.: Полиграфбумресурс. -190 б. (авторлош)

Суйлөшуу маданияты аркылуу чечендик кепке уйрөтуунун методикасы. - Б.: 2012. -93б.

Баяндама жүргүзүүнүн жолдору жана тексттер жыйнагы 9-11-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы. -Б.: "Билим" 2013. -200 б.

Баяндама жүргүзүүнүн жолдору жана тексттер жыйнагы 8-9-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы. И.Арабаев атындагы КМУ. . / Окуучулар, мугалимдер, студенттер жана магистранттар үчүн окуу куралы -Б.: "Полиграфбумресурс" 2017. -144 б.

Кыргыз тилин компетенттуулуктун негизинде окутуу. - Б.: 2014. -101б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Кыргыз тилин жана адабиятын компетенттуулуктун негизинде окутуу. Б.: 2015. -95б. (Кыргыз патент)

Кыргыз тили 1-11-класстар (Кыргыз тили таблица, чийме, схемаларда) -Б.: "Алтын тамга" 2014. -91 б.

Кыргыз тили жана кыргыз адабияты. 5-11-кл. -Б.: "Алтын тамга" 2015. -112 б.

Кыргыз тилинин окуу таблицалары. -Б.: "Алтын тамга" 2021. -140 б. (Кыргыз патенттин автордук күбөлүгү)

Балдар риторикасы - Б.: ЖЧК "Нур Принт" 2018. -440 б.

Көркөм окуунун практикуму боюнча сөз өстүрүүнүн теориясы жана методикасы. -Б.: ЖЧК "Транс Принт" 2022. -54 б.

Баа коюунун нормалары / Кыргыз тили жана адабияты 5-11-кл. / Кыргыз билим берүү академиясы - Б.: 2006. -16 б.

Окуу хрестоматиялары (Учебные хрестоматии):

Көркөм сөз кудурети: Окуу хрестоматиясы. 5-11-кл. – Б.: "Аят", 2006-2008. - 173 б.

Кыргыздын чечендери - мектепте. Окуу хрестоматиясы. -Б.: "Гулчынар". 2010. -585 б.

Дидактикалык окуу материалдары (Дидактические учебные материалы):

Чечендик кеп: "Манас" үчилтигинен жана кенже эпостордон көркөм окуу үчүн тандалган тексттер – Б.: "Алтын тамга", 2007. - 92 б.

Өнөр алды – кызыл тил: – Б.: "Алтын тамга", 2007. - 102 б.

Элдик накыл кептер. Дидактикалык материалдар. -Б.: ОсОО "Аll-Colors", 2009. - 87 б.

Элдик чечен сөздөр. (Кыргыз элинин накыл кептеринен) .- Б.: ОсОО "Аll-Colors", 2009. - 27 б.

Элдик макал-лакаптар. Народные пословицы и поговорки. - Б.: ОсОО "Аll-Colors", 2009. - 72 б.

Дидактикалык материалдар / Кыргыз тили (5-8-кл.) / Кыргыз билим берүү академиясы -Б.: 2009. -42 б.

Тексттер жыйнагы. Кыргыз тили -Б.: 2009. -72 б.

Сөздүктөрү (Словари):

Кыргызча-орусча-орусча-кыргызча создук. -Б.: "Раритет Инфо". 1999. -270б.(авторлош)

Кыргызча-орусча-орусча-кыргызча создук. -Б.: "Раритет Инфо". 2003. -530б.(авторлош)

Кыргызско-русско-английский словарь. -Б.: "Гулчынар". 2005,2007,2009. - 183б.(авторлош)

Грамматикалык сөздүк.: Окуучулар, студенттер жана аспиранттар үчүн. – Б.: И.Арабаев атындагы КМПУ, 2006. - 24 б.

Грамматикалык терминдердин сөздүгү (Словарь грамматических терминов) Окуучулар, студенттер жана аспиранттар үчүн. – Б.: И.Арабаев атындагы КМПУ, 2006. - 23 б.

Кыргызча-орусча-англисче сөздүк. Кыргызско-русско-английский словарь / Кыргыз билим берүү академиясы. -Б.:"Алтын тамга", 2006. - 201 б.

Кыргызско-русско-немецкий словарь. -Б.: "Гулчынар". 2007. -276б..(авторлош)

Кыргызча-орусча-англисче сөздүк. Кыргызско-русско-английский словарь / Кыргыз билим берүү академиясы. -Б.: "Алтын тамга", 2008. - 200 б.

Фразеологиялык создук. / Кыргыз билим берүү академиясы.- Б.: ОсОО Аll-Colors, 2009. - 86 б.

Кыргызча-орусча-англисче сөздүк. Кыргызско-русско-английский словарь / Кыргыз билим берүү академиясы. -Б.: 2009. -132 б.

Элдик макал-лакаптар. Народные пословицы и поговорки. ОсОО "Олл Колорс" -Б.: 2009. - 72 б.

Кыргызча-орусча-англисче сөздүк. -Б.: "Оптима-технолоджис", 2017. -260 б. (авторлош)

Кыргыз элинин макал-лакаптары. Кыргызские народные пословицы и поговорки. -Б.: "Оптимгинен а-технолоджис", 2017. -260 б. -103 б.

Окуу диафильмдери (Учебные диафильмы):

Бексултан Жакиев. Атанын тагдыры: Диафильм. - Б.: Кыргызфильм, 1991.

Жусуп Турусбеков. Ажал ордуна: Диафильм. - Б.: Кыргызфильм, 1991.ж.б.

В.И.Мусаева тууралуу (Публикации о В.И.Мусаевой)

Бектур Исаков - КРнын Эл мугалими., Жеңишбек Чыманов п.и.к., доцент "Мусаева В. 50 жашта" (Биздин юбиляр) "Эл агартуу". 2008-ж.79-80-бб. (1928-2008-жж. "Эл агартуу" журналына 80 жыл!)

Китепте: Ш.Жапаров, Т.Сыдыкова Кыргыз тилчилери (Биобиблиографиялык тактам, окума, 3-том) -Б.: "Техник ББ", 2008. -114 б. "Мусаева Венера Инаят кызы" 31-35-бб.

Китепте: М.Эшмамбетов Бапыраган барактар -Б.: 2009. 146 б. "Чолпонайга" 39 б.

Китепте: Кыргыз Республикасынын жазуучулары 2-том. "Мусаева Венера" 278-280-бб. (Түзүүчүлөр: М.Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева). КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) "Бийиктик" -2011. -448 б.

Китепте: Лучшие преподователи Кыргызстана / Биографический сборник. Рекламная служба АЖР. -Б.: 2015. -192 б. "Мусаева Венера Инаятовна" 111-б.

AKИpress: Кто есть кто. Династии в науке Часть III 11.01.2020. Айдаралиевы, Иманалиевы, Мусаевы и не только

В.И.Мусаева тарабынан жазылган баш сөздөр, каалоолор, эскерүүлөр (Предисловии, пожелании, воспоминании В.И.Мусаевой):

Китепте: М.Тентимишов. Абдырай -Б.: 2007, -160 б. В.Мусаеванын эскерүүсү 151-152-бб.

Китепте: Исмаилов Маметкерим Ырлар жыйнагы -Б.: 2011. -168 б. Венера Мусаева "Кириш сөз" 3-4-бб.

Китепте: К. Куттубаева Сезим ыргактары (ырлар, кошоктор, накыл кептер. (К.Куттубаеванын 90 жылдыгына карата) -Б.: 2014. -72 б. Жчк "Солюшин. ж.б. Мусаева В.И. "Калк арасынан чыккан кадырман, таланттуу апа" (12-20-бб.)

Китепте: Нагыз элдик педагог жана асыл инсан (КРнын Эл мугалими Б.Батыркуловду эскерүү) - Б.: 2015. -351 б. В.Мусаева "Кызыл-Жазы" мектебинде 63-66-бб.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]