Мусаева Светлана Абакировна

Википедия дан

Мусаева Светлана Абакировна1954 жылы Фрунзе шаарында туулган. Фрунзе шаарындагы №47 орто мектебин 1971 жылы бүткөн жана Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинеөткөн. 1974 жылы Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетинин, англис тили бөлүмүнө которулган, 1977 жылы бүткөн. Профессионалдык эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунда англис тилинин окутуучусу болуп баштаган. 1979 жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз келиндер институтуна кирген. 1992-1998ж. Кыргыз кыз келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетинин деканы, 1998 ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдердин билим берүү центрынын директору, центрдын структурасында 2 факультет, лицей жана даярдоо бөлүмү болгон), 1999-2006ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер Институтунун директору, 2001-2005 ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштеринин проректору кызматтарда иштеген.
Ленинград мамлекеттик университетинин англис тилинин филология кафедрасында аспирантурада окуган (1984-1987-ж.). 1987 жылы кандидаттык диссертациялык ишин 10.02.04 «Герман тилдери» Ленинграддык мамлекеттик университетинин Кенешинде коргогон. 1992 жылы доцент деген наам алган.
С.А. Мусаева 1990 жылы Британияда Эдинбург университетинде тилдик стажировкада болгон. 1994 ж. Фулбрайт программасынын стипедианты болуп АКШда Висконсин штатындагы университетинде илимий стажировка өтүп келди. 1999-2006-ж. эл аралык проекттерде фондСорос-Кыргызстан, ЮСАИД, Британиялык жана башка проектердекатышкан. 2009-2014-ж. Герман центрынын техникалык кызматташуусунда “Орто Азияда билим берүү реформасы” аттуу программанын консультаты болгон.Төмөндөгү проектин негизинде 2009-2011-ж. Германия, Чехия, Латвия педагогикалык университеттерине барып келген.Кыргызстандагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу структурасы изилденип жана аны жакшыртуу рекомендациясы даярдалган. 2010 жылы Түштүк Кореяда ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган семинарга барды. 2012 жылы Турцияда, Стамбул шаарында “ Орто Азияда саппаттуу билим беринүү башкаруу” эл аралык конференцияда доклад окуган. Ушул эле жылы Москвага эл аралык конференциягажана көптөгөн эл аралык конференцияларга , семинарларга катышып турат. NAME (National Association of Multicultural Education) жана Билим берүү саппатын баалоо Европалык ассоциациялардын мүчөсү.
С.А. Мусаеванын “Englishin Topics” – окуу усулдук курал (1993ж.), “Көркөм текстердин лингвистикалык өзгөчөлөрүү”- окуу куралы (1998ж.), “Америка менен таанышабыз” – окуу усулдук куралы (2001ж.), “Кыргыз, орус жана англис макал-лакаптары”– окуу куралы (2003ж.), “Англис тилинин лексикологиясынын курсу” –окуу усулдук курал (2002ж.), “A Glimpse of the USA”- окуу усулдук курал (2003ж.), “English Lexicology in Theory and Practice”- окуу куралы студенттер үчүн (2008ж.), “Көркөм тексти интерпретациалоо” –окуу куралы (2010ж.), “Introduction to Intercultural Communication” – окуу усулдук курал (2016ж.) аттуу эмгектери жарык көргөн. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика факультетинин Англис тилинин технология, теория жана практика кафедрасынын доценти С.А. Мусаеванын билим берүү жана илим тармагына сиңерген эмгеги жогоруу бааланыпИ. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамоталары, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юбилейлик медалы, 1999 жылы КР Эл агартуунун отличниги, 2005 жылы 12 октябрында Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.