Мусакожоев Шайлобек

Википедия дан

Мусакожоев Шайлобек (28. 10. 1937-жылы туулган, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Базар-Турук айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1973), профессор (1984), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2010), КРдин эмгек сиңирген экономисти (1995). 1959-жылы КМУнун экономика факультетин (1959) жана Ленинград (Санкт-Петербург) финансы-экономикалык институтунун аспирантурасын (1964) бүткөн. КМУда экономика факультетинин деканы (1964–74), КР Финансы министрлигинде Экономика жана эсептөө борборунун директору (1976–98), Мамлекеттик инновациялык технологиялар борборунун генералдык директору (2001–2005), 2008-жылдан КРдин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги алдындагы Экономикалык стратегия борборунун директору. 400дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 80 монография) автору. КР Инженердик академиясынын академиги (1996), Россия Жаратылыш жана коом боюнча эл аралык ИАнын академиги (1997), КР-дин ишкерчилик академиясынын академиги (2009). Эмгектери: Закономерности роста эффективности основных фондов сельского хозяйства. Л., 1972; Методика разработки индикативных планов-прогнозов экономического и социального развития. Б., 1995; Основы инновационной экономики. Б., 2005; Введение в экономику. Б., 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]