Мускат дарагы

Википедия дан

Мускат дарагы (Myristica) — мус­кат тукумундагы дайыма жашыл дарактардын уруусу.

Гүлдөрү чачыдай, чатырдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү — данек сымал. Айрым түрлөрүнүн мөмөсүнөн алынган татымалдар жыпар жыттуу. Анын бийикт. 9—12 м, жалбырагы калың, гүлү ачык сары, ароматтуу; тропик зоналарында өстүрүлөт мускат дарагынын данеги татымал катары тамак-аш өнөр жайында, ошондой эле медицинада, парфюмерияда колдонулуучу эфир майын алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.