Бенито Муссолини

Википедия дан
Муссолини Бенито Амилькаре Андреа‎»‎ барагынан багытталды)
Солдон оңго, сиз мурдагы коммунисттик саясатчы Никола Бомбаччи, Дюс Бенито Муссолини, анын ишенимдүү сүйүктүүсү Клара Петаччи, министр Алессандро Паволини жана белгилүү фашисттик саясатчы Ахилл Старастын жансыз денелери 2012-жылдын 1-майындагы Лорето аянтында көргөзмөгө коюлганын көрө аласыз. Милан шаары 1945-ж.

Бенито Амилькаре Андреа Муссолини (29. 7.1883, Форли провинциясы, Довиа кыштагы – 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) – 1922–43-жылы италиялык фашисттик диктатор. 20-кылымдын башталышында Швейцарияда жашап, жумушчу болуп иштеген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин журналист, окутуучу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аванти» Социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна дайындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталганда Италия Антанта уюмуна кириш керек деген агитация жүргүзгөндүгү үчүн Социалисттик партиядан (ИСП) чыгарылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-жылы мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-жылы 2-октябрда Муссолини Италия парламентинен бийликти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-жылы Муссолининин өкмөтү өлкөдө фашисттик террор тартибин киргизип, агрессиячыл саясат жүргүзгөн. 1933-жылы Гитлер бийликке келгенден кийин, аны менен саясий жана согуштук союз түзгөн жана Эфиопияны (1936) басып алган. Муссолининин демилгеси менен 1937-жылы Үчтүктөр союзу (Италия, Германия, Япония) түзүлгөн. 1938-жылы сентябрдагы Мюнхен макулдашуусун (1938) уюштуруучулардын бири. Италия 2-дүйнөлүк согушта Германия тарапта катышкан. Согушта немистик-фашисттик жана италиялык аскерлердин жеңилишинен, ошондой эле Италияда фашизмге каршы кыймылдын күч алышынан улам мененин диктатурасы кыйраган (1943-жылы 25-июль). 1945-жылы италиялык партизандар колго түшүрүп, Түндүк Италиянын Улуттук-боштондук комитетинин аскер трибуналынын өкүмү боюнча өлүм жазасына тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]