Мустаг

Википедия дан

Мустаг - Музтаг, Муз тоо – эски топоним, Кыргызстандагы бийик тоолуу аймак.

Тарыхый геогр. адабиятта Музтаг жөнүндө түрдүү түшүнүк болгон. Биринчисинде Мустаг – Борб. Теңир-Тоодогу бийик тоолуу чакан аймак. Кытай географиясында ал Сюань Цзандан (7-к.) тартып Линшань, Лыншань («Музтоо») деп аталат. Экинчиси б-ча (орус окумуштуусу Г. Ф. Миллер, француз Ж. Дегин, 18-к., немец К. Риттер, 1832-ж.), М. чыгышта Музарт суусунан тартып, батышта Болор (Фергана) кыркаларына чейин созулган тоолуу өлкө. Бирок 19-кылымдын 2-жарымындагы ж-а 20-к-дын башындагы изилдөөлөргө байланыштуу, топонимдин семантикалык маңызына карата аталыш Теңир-Тоо тоо системасынын тоому, ак кар, көк музга бөлөнгөн Кантоо Жеңиш чокуларынын тегерегине көчкөн. Бул жерде өлкөдөгү өтө бийик Жеңиш, Кантоо (Кантеңир) чокулары бар. Өткөн кылымда Мустаг Музарт, Мусур аттары м-н да белгилүү болгон. Теңир-Тоонун азыркы номенклатурасында бул ат аз кезигет. Ал көбүнчө эски, тарыхый топоним түрүндө гана эскерилет. Кээде Какшаал тоо кыркасынын чыгыштагы эң четки өтө бийик бөлүгү Музтоо же Чоңактоо аталып жүрөт. Мустаг эски (орто кылымдан бери) аттарга кирет. Аны топонимдин 2-компонентинин жазылыш формасы (кыргызча тоо ордуна байыркы түрк тилиндеги –даг//таг терминдеринин колдонушу) ачык эле көрсөтүп турат.

Кытайча Лыншань («Музтоо») байыркы түрк топониминин котормосу. Тоолорду муз, мөңгү каптаганга байланыштуу бул ат берилген. Кырг-нда «муз» термининен курулган топонимдер (Музтөр, Музбел ж. б.) көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2