Мустаева Майнур Ибрагимовна

Википедия дан

Мустаева Майнур Ибрагимовна (20. 5. 1912, азыркы Казакстан Республикасы, Петропавловск шаары – 1997, Бишкек) – опера ырчысы (сопрано). Кыргыз ССРинин эл артисти (1947). Фрунзедеги музыкалык окуу жайында (1930–35), Москвадагы Луначарский атындагы искусство институтунда (1935–38) окуган. 1938–65-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Ырчылык өнөрүн драма актёрлугу менен айкалыштыра билген. Мустаеванын көрүнүктүү партиялары: Айчүрөк, Каныкей, Канайым, Тотуя, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере – «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул», «Ажал ордуна»), Айша (А. Аманбаев, С. Германов, «Айдар менен Айша»), Гүлайым (М. Раухвергер, «Көкүл»), Гүлчахра (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Кыз Жибек (Е. Брусиловский, «Кыз Жибек»), Татьяна (П. Чайковский, «Евгений Онегин») жана башкалар. Дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун ырларын, романстарын, опералардан арияларды аткарган. 1939, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен маданиятынын он күндүктөрүнө катышкан. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]