Мустафин Габиден

Википедия дан

Мустафин Габиден (29. 11. 1902, азыркы Караганды облусу, Тельман району – 20. 1. 1984, Алматы) – казак жазуучусу, коомдук ишмер, Казак ССР ИАнын корр. мүчөсү (1958), Казак эл жазуучусу (1984). Дин мектебинен окуп кат тааныган. Караганды шахтасында иштеген. Чыгармалары 1927-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч аңгемелер жыйнагы «Эр Чоюн» (1929) деген ат менен жарыкка чыккан. Айыл кедейлеринин жаңы турмушка умтулуусу аңгемелеринин негизги өзөгүн түзөт. Мустафин Габидендин «Өмүр же өлүм» (1940) романы – казак жумушчулары жөнүндөгү туңгуч прозалык чыгарма. Таруудан мол түшүм алып, дүйнөлүк рекорд койгон Шыганак Берсиевдин эмгек жолун баяндаган «Шыганак» (1945) романы, колхоз курулушунун жаңы кезеңин көрсөткөн «Миллионер» повести (1948), Караганды шахтёрлору туурасындагы «Караганды» (1952), автобиогр. «Өз көзүм менен» (1963) романдары чыккан. Чыгармаларында улуттук психология жана анын өзгөчөлүктөрү чагылдырылган. Мустафиндин чыгармалары дүйнөлүк көп тилдерге которулган. Эки Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]