Мусулманкул уулу Молдобасан

Википедия дан
Мусулманкулов Молдобасан‎»‎ барагынан багытталды)

Мусулманкул уулу Молдобасан, (1883–1961) - Кыргыз ССРинин эл артисти (1935), СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, манасчы, дастанчы, обончу, акын, комузчу жана кыякчы Мусулманкул уулу Молдобасан 1883-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1933-1952-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармония-сында солист болуп иштеген. Ар тараптуу өнөрпоз, кубулжуган мукам добуштун ээси “Манас” үчилтигин толук билүү менен эле чектелбестен, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Жаңыл Мырза”, “Кедейкан” баш болгон бир катар кенже эпосторду да ийине жеткире аткарган, ыр куржунунда алар да белен жүргөн. Булардын ичинен “Курманбек” эпосу 1928-жылы кыргыз элинин кенже эпосторунун тарыхында биринчи жолу китеп болуп чыккан. Андан 1935-1945-жылдары жазылып алынган “Манас” үчилтиги 203 000ге жакын ыр сабын түзүп, Сагымбай менен Саякбайдан кийинки эле ирдүү үлгүлөрдүн бири болуп саналат. Ошону менен эле чектелбей, көркөмдүгү жагынан да өзгөчө кооздукка ээ. Алсак, Манастын келбети Сагымбайда:
“Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй – делинип сүрөттөлсө, Молдобасанда бул андан ары өөрчүтүлүп:
“Жети кабат кара жер,
Салмагынан бүткөндөй.
Жети дайра деңиздин,
Жаркынынан бүткөндөй.
Аңырайган капчыгай,
Алкымынан бүткөндөй.
Абадагы булуттун,
Салкынынан бүткөндөй.
Дайрадагы жаяндын,
Каарынан бүткөндөй,
Ажыдаар, жыландын,
Заарынан бүткөндөй.
Бейиштеги мөмөнүн,
Наарынан бүткөндөй” – делинип толукталат. Анын айтуучулук өнөрү боюнча кыргыз элдик музыкасын изилдөөчү В.Виноградов төмөнкүлөрдү эскерет: “Маанилүү, ары улуксаана, кичине кербезирээк Молдобасан отургучка отуруп, жеңин түрдү да, угуучуларды олуттуу түрдө айланта карап алып, адаттан сырткары музыкалык баяндамасын айтып кирди. Созолоңку обон адегенде сөз менен башталып, жээкке урунган толкун сыңары бирде тегиз, бирде күчөп, бирде пастап, ырдын сабын санагандай жүрүп отурду. Биз өз сөзүбүздүн башында манасчылардын айтуу манерасын төрт түргө бөлүп өткөрөбүз. Молдобасан ошонун төртүнчү түрү менен айтып жатты. Анан ал бир топко жаңылмач айткандай жобурата сүйлөдү да, кайрадан баатырдык интонацияны улап ырдап кирди. Көз карашы, келбети, кыймыл-кадырын билдиргенсип турду. Ал колу менен камырабай гана кыймыл жасап, абага кандайдыр бир сыйкырдуу сүрөттү тарткансыды да, анан чоң ишеним менен эпостун маанилүү бир жерин баса белгиледи. Молдобасан биз мүнөздөгөн речитациялардын (ырдап айтуулардын) биринчисинен башкасынын каражаттарын билгичтик менен пайдаланат. Ал эми экзальтациялык (эргүү) абалга жеткен речитацияны Саякбайдан гана байкадым. Молдобасандын айтуу манерасында чектен чыгуу деген жокко эсе. Ал айтып жатканда көркөмдүк сезимин жоготпой туруп, салтты пайдалана билет. Интонациясы так, ладдык негизи айкын болуу менен бирге, анын речитациясы дайыма музыкалуу эле. Молдобасан эпостун музыкалык жагын мыкты келтирүү менен эле бирге, текстти кашкайтып, даана бере билчү. Мусулманкуловдун тубаса артистизми бар эле. Анын бул касиети айтуу манерасынан көркөм каражаттарды ылгап алып, чебер пайдалана билгенинен, көркөм баяндоо жөндөмүнөн байкалчу. Ал “Манас” айтып жатканда көркөм кудуретине саресеп салып, ал тургай өзүнүн режиссердук түшүндүрмөсү бардай сезилип кетчү. Кайгы, азап, душмандардын бечаралыгы, амалкөйлүгү сыяктуу далай-далай, ар түркүн мүнөздөрдү манасчынын кыймыл-аракеттеринен эле байкаса болот”. 1961-жылдын 16-июнунда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.