Мутациялык селекция

Википедия дан

Мутациялык селекция, селекциянын теориялык негизи болуп генетика саналат. Тандоо, гетерозис жана цитоплазмалык эркек стерилдүүлүгүн колдонуу аркылуу аргындаштыруу, полиплоиддүүлүк жана мутагенез - селекциянын негизги методдору. Багытына жараша селекцияны организмдердин сапатына (даамы, сырткы көрүнүшү, дандагы белоктун жана амин к-талардын кармалышы, сүтүнүн майлуулугу), ооруларга, зыянкечтерге жана жагымсыз климаттык шарттарга туруктуулугуна, жаныбарлардын өндүрүмдүүлүгүнө жана тукумдуулугуна, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнө карата жүргүзүшөт. Полиплоиддер түр аралык гибриддерден (аллополиплоидия) ар түрдүү же бир эле түрдүн (автополиплоидия) геномдорунун көбөйүшүнүн натыйжасында келип чыгат. Полиплоиддер мутация болуп саналат, себеби хромосомалардын санынын өзгөрүшү ген системасындагы сапаттык өзгөрүүлөргө жана белгилердин олуттуу өзгөрүшүнө алып келет. Полиплоиддүүлүк өсүмдүктө жана төмөнкү түзүлүштөгү жаныбарларда кеңири таралган. Буудайдын 14, 28, 42 жана 56 хромосомалардан туруучу бир катар түрлөрү кездешет. Кыязы, хромосомалардын санынын көбөйүшү особдордо аргындашуусуз эле тиричиликке жетишээрлик жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу, гетерозиготалык системасын түзүүчү, мутациялардын жыйналышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]