Мутизм

Википедия дан

Мутизм (лат. mutus — дудук) — сүйлөө аппаратынын организм бузулуусуз эле сүйлөө жөндөмүнөн ажырашы. Мутизм организмдин кескин психикалык дүүлүктүргүчтөргө (коркуу, ыза бо­лту, күчү жетпегенди талап кылуу), волгой реакциясы.

Мутизм көбүнчө уялчак, коркок жанa ден соолугу начарлардарда, ошондой эле истерияда, шизофренияда байкалат. Мутизм болгон балдар мектепте суроого жооп бербейт, ал иш үйүндө же көчөдө кадимкидей сүйлөйт. Дарылоодо нерв системага терс таасир этүүчү факторлорду жоготуу, негизги ооруларды дарылоо жана денени чыңдоо керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.