Муунак

Википедия дан

Муунак - муун топтору,стопа, ритмикалык бөлүк – ыр жолдорунун муундарга карап саптын майда бөлүктөргө бөлүнүшү. Силлабикалык, муунчул ыр түзүлүшүндө бул көрүнүш ыр түзүүнүн негизги ички мыйзамы болот. Төмөндө бир топ ырды муунактарга ажыратабыз.

Жети муундан, эки Муунактан турган ыр:

Жазыптырмын// жарыма

Ок тийгенин//саныма.

(Т. Үмөталиев)

2. Он бир муундан, үч муунактан турган ыр:

Паашага// ат да бердик//,тон да бердик,

Аргамжы //, байпак, мээлей /, чом да бердик.

(А. Токомбаев)

3. Он төрт муундан, төрт муунактан турган ыр:

Ээгин кагып // акырын // эшик жакты // ымдады,

Тура калдык // дуу этип // тууган-урук // мындагы

(С. Шатманов)

4. Он үч муундан, беш муунактан турган ыр:

Сайылып // саргыч // кирпиги // күндүн // тоолорго,

Карачы // нардай // көлөкө // чөгүп // коолорго.

(С. Шатманов)

Кыргыз поэзиясында бир муунактан турган ыр болбойт, муунактардын саны экиден тартып жетиге чейин түзүлөт, айрым окумуштуулар түрк элдеринин ырларында муунак сегизге чейин болот дешет. Муунактарда муун сандары бирдей да, бирдей эмес да болушу мүмкүн. Муун сандары бирдей муунактардын вертикалдуу багыттагы тартиптүү кайталанышын сактоо кыргыздын муунчул ырындагы ыргак (ритм) түзүүнүн башкы каражаты болуп саналат. Эркин жана ак ырларда мындай мыйзамдар так сакталбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004