Муунак вал

Википедия дан

Муунак вал – бир же бир нече эксцентрлүү жайгашкан, подшипниктерге отургузулган кривошип-шатундуу механизм тетиги. Ал шатун менен бириктирилип, негизги жана шатундук моюндан, беттен, каршы салмактан, алдынкы жана арткы учтардан, фланецтен турат. Беттердин жардамы менен негизги жана шатундук моюндар өз ара кыймылсыз бириктирилет. Негизги моюндар – муунак вал таянычы. Шатундук моюндардын жардамы менен шатундун төмөнкү бөркү (головкасы) муунак валга бириктирилет. Шатундук моюндун октору муунак валдын айлануу огуна карата салыштырмалуу жылышат. Муунак валдын иштөө тең салмактуулугун кармаш үчүн сапаттуу болоттон же чоюндан жасалган тең салмактагычтар орнотулат. Муунак валга топтолгон айландыруучу момент трактор, автомобилдердин трансмиссияларына берилет, ошондой эле кыймылдаткычтын башка механизмин, агрегатын жана түйүнүн аракетке келтирүүгө чыгымдалат. Муунак вал поршендүү кыймылдаткыч, насос, компрессор, темир пресстөөчү машина жана ушул сыяктуу түзүлүштөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]