Муунак курттар
Муунак курттар (лат. Annelida) — экинчи дене көңдөйлүү, алгачкы ооздуу курттардын тиби. Дене узундугу бир нече ммден 3 мге чейин жетет. Муунакталган денеси эки жак симметриялуу. Сегмент-муунактары көп. Алардын саны бир нече жүзгө жетет. Сегменттелиши ички органдарынын метамериясы менен байланыштуу. Ар бир сегментте түктөрү, начар өөрчүгөн буттары же параподиялары болот. Тери-булчуңу жука кутикула, тери эпителийи, узунунан кеткен жана муунак булчуңдардан турат. Оозу 1-сегменттин курсак жагында, кан айлануу системасы туюк, ал 2 негизги курсак жана жон кан тамырларынан туруп, шакек түрүндө. Алар териси, кээде бакалоору менен дем алат. Бөлүп чыгаруу органы – нефридий. Нерв системасы мээ жана курсак нерв тизмегинен турат. Сезүү органы – көз жана жыт билүү чуңкурчалары. Айрым жыныстуу же гермафродиттер. Личинкасы трохофорасы менен өөрчүйт. Кээде жыныссыз жол менен да көбөйөт. Муунак курттар -кылымдын 5 класска кирген 9 миңдей түрү тузсуз сууда, кургакта, тропиктеги нымдуу жерлерде жашайт. Муунак курттар жөнөкөй түзүлүштүү жалпак курттардан келип чыккан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7