Муунчул ыр түзүлүшү

Википедия дан

Муунчул ыр түзүлүшү, силлабикалык ыр түзүлүшү – ыргак түзүүнүн, б. а. ыр куруунун каражаты катары муун сандарынын бирдейлигине негизделген ыр системасы. Мында ыргак (ритм) ыр сабындагы муундардын бирдей өлчөмдө айкашы аркылуу түзүлөт, бул система туруктуу басымга ээ тилдерге мүнөздүү. В. Радловдун, А. Самойловичтин, А. Фалевдин, К. Рысалиевдин кыргыз ыр түзүлүшүнө арналган эмгектеринде биздин традициялуу ырыбыз ушул системага таандык экендиги көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004