Мухаммад Али Жинна

Википедия дан
Мухаммад Али Жинна (1945)

Мухаммад Али Жинна (25. 12. 1876-11. 9. 1948) - Индиянын жана Пакистандын саясий ишмери.

  • Мусулман соодагердин үй-бүлөсүнөн.
  • Англиядан укук боюнча билим алып келип, 1930-жылга чейин Бомбейде адвокаттык кылган.
  • 1906-жылдан Индия Улуттук конгрессинин мүчөсү.
  • 1912-жылдан Мусулман лигасынын ишине катыша баштаган.
  • Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) учурунда индустар менен мусулмандардын биримдигин жактаган.
  • 1921-ж. М. Ганди жүргүзгөн саясатка макул болбой, Улуттук конгресстен чыккан.

Индиянын конституциясын иштеп чыгуу боюнча жалпы партиялык коференцияда мусулмандарга бийлик органдарындагы орундун 1/3 берилсин жана диний айырма боюнча шайлоо системасы киргизилсин деп талап кылган.

Жинна 1934- жылдан Мусулман лигасына жетекчилик кылып, Индияга көз карандысыздык берүү маселесин мусулмандарды өз алдынча мамлекетке бөлүү маселесине байланыштуу караган. Ал ушул багытта күрөш жүргүзүп, Индиянын диний айырма боюнча экиге бөлүнүшүнө (1947) жана Пакистан мамлекетинин түзүлүшүнө көп күч жумшаган.

Пакистан өз алдынча болгон соң анын генерал-губернатору болгон. Пакистандыктар Жиннаны «Улуу жол башчы», «Улут атасы» деп аташат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.