Мухаммад ибн Закария Рази

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мухаммад ибн Закария Рази زاکاریا رازی[оңдоо | булагын оңдоо]

Абу Бакр Мухаммад ибн Закария ар-Рази перс элинин даанышман-энциклопедисти, врач, алхимик жана философ, Тегеранга жакын жайгашкан Рей шаарында, болжол менен 865-жылдары жарык дүйнөгө келген. Ал Персияда ар тармакта б.а. философия, метафизика, поэзия жана алхимия тармактары боюнча билим алган. Ал жаш кезинен эле темрилерди иштетип чыгаруу жана “эликсир” табуу сыяктуу тажрыйбалар менен алек болгон. 30 жашында Багдад шаарына барып, медицинаны үйрөнгөн. Ал көп өтпөй эле чебер даарыгер болуп чыга келген жана Рейдеги андан соң Багдаддагыбейтапканаларды башкарган. Закария Рази медицина, философия жана байыркы антикалык илимдерди жакшы билген жана философия, этика, теология, логика, медицина, астрономия, физика жана алхимия илимдери боюнча 184 эмгеги калган жана алардын 61 гана бизге жеткен. Х-ХII кылымдарда анын көптөгөн эмгектери Европада латын тилине которулган. Закария Разинин төрөлүшү жана дүйнөдөн кайтышы жөнүндө эң маанилүү документ Абурейхан Бируни жазган “Закария Разинин кол жазмалаларынын тизмеси” аттуу китеби болуп саналат. Бу китепте Закария Разинин төрөлгөн күнү ислам жылнамасы менен 251 жылы Шаабан айында (865-жылы Сентябрь айында) жана дүйнөдөн кайтышы 313 жылдын Шаабан айында (925-жылдын 31 октябрь айында) деп катталган. Бул китепте негизинен Закария Разинин төрөлүп, дүйнөдөн кайткан күндөрү гана айтылбастан анын өмүрүнүн узундугу да ислам жылнамасы менен 62 жаш 5 күн, ал эми иран жылнамасы менен 60 жаш 2 ай жана 1 күн деп так айтылган.

Философия[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази философиялык концепциянын негиздеринде, гностицизмдин ар түрдүүлүгүн кээ бир уйкалыштарын окууда беш түбөлүктүү башталыш жатат: “жаратуучу”, “жан”, “материя”, “убакыт”, “мейкиндик”; “жаратуучу” тарабынан жаралып, “акыл” жанды”үрөп, “мейкиндикке” чалдыккан боштондукка умтулат; буга жол катары – философия илимин изилдөө болуп саналат. Закария Разинин атомизми – Демокриттин атомизмине жакындашат. Ал абсолюттук мейкиндикке, абсолюттук убакытка жана дүйнөнүн көптүгүнө ишенген. Анын ою боюнча баардык буюмдар бөлүнбөс элементтерден (атомдордон) турат жана алардын ортосунда бош мейкиндик бар. Бул элементтер түбөлүктүү, өзгөртүүсүз жана атомдордон турган жана лардын ортосундагы мейкиндиктерден турган кандайдыр бир чени, өлчөмдөрү бар. Төрт баштапкы атомдордун ортосундагы бош мейкиндиктин чоңдугун, алардын табигый кыймылы аныктайт. Ошентип от менен аба өйдө карай жылган маалда, суу менен жер ылдый карай жылат. Закария Разинин этикасы аскетизмге каршы болгон жана ал Сократты үлгү катары эсептеп, коомдук активдүү жашоого үндөгөн. Закария Рази өз мезгилиндеги диндердин баарына сын айткан: акыйкаттык – бироо, дин – көп, андыктан бардык диндер калп деген ойдо болгон. Закария Разинин ою боюнча акыйкаттыктын булагы болуп Ыйык Жазуу эмес, даанышмандардын жана философтордун китептери болуш керек.анын антиклерикалык ой-жүгуртүүсү Х-ХI кылымдардагы мусулман ойчулдарынын, өзгөчө Аль-Фарабинин кыжырын кайнаткан.

Алхимия жана атрохимия[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Разинин алхимиялык жазууларынын ичинен “Сырлар китеби” жана “Сырлардын сыр китеби” белгилүү. Ал грек философторун жанан александриялык алхимиктердин чыгармаларын жакшы билгендиги айкын. Ал VIII жана IX кылымдардагы араб авторлорунун чыгармаларын окуган. Закария Рази алхимиянын максаты – бул металлдын “негизинен” келип чыккан, “эликсирдин” жардамы менен металлдарды трансмутациялоо деп эсептейт. Андан тышкары алхимия жөнөкөй (кварц жана айнектен) баалуу, асыл таштарды алууну изилдеши керек. Закария Рази Жабирдин жолдоп, металлдан турган негизги элементтери (негиздери) деп сымап жана күкүрттү эсептеген, бирок ага дагы үчүнчү негиз “тузду” кошкон. Кийинчерээк бул металлдын составы жөнүндөгү түшүнүк европалык алхимия адабиятында кеңири тараган. Закария Рази өзүнүн чыгармаларында ар туркүн химиялык аппараттарды жана приборлорду, химиялык операцияларды жазган. “Сырлар китебинде” алхимия боюнча материалдардын барын талдап чыгып, үч негизги бөлүккө бөлгөн.

  • Заттарды изилдеп-таануу
  • Приборлорду изилдеп-таануу
  • Анын иш-жүзүн изилдеп-таануу

Закария Рази химия илиминин тарыхында биринчи жолу ал билген заттардын барын айырмалоочу белгилерине карап класстарга, түркүмдөргө, разряддарга бөлүүгө аракет кылган жана аларды үч чоң топко бөлгөн:

  • Минералдуу заттар
  • Өсүүчү заттар
  • Жаныбар заттар

Закария Рази минералдуу заттарды 6 бөлүкко бөлгөн

  • Атыр (спирттер -ртуть, нашатыр, аурипигмент же реальгар жана күкүрт) заттарын киргизген
  • “Тело” (металлдар – алар болгону жетөө, алтын, күмүш, жез, темир, калай, коргошун жана “харасин” (цинк болушу мүмкүн).
  • “таштар” алардын 30 түрү бар.
  • “бораки” алардын алты түрү бар алар бура-борный кычкыл натрий, сода, зергерлердин бурасы
  • “тинка” заравандын бурасы, арабтардын бурасы
  • “туздар” 11 түрү – тазаа тамакка кшулган туз, ачуу, таш, ак, индия жана кытай туздары, акиташ.

Өсүүчү заттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази өсүүчү заттарды сейрек кездештиргендиктен алардын аттарын атаган эмес. Ханыбар заттардан чач, баш сөөк, мээ, өт, кан, сүт, сийдик, жумуртка жана мүйүздү келтирген. Закария Рази аппарат жана приборлордун арасынан колбаларды, кубокторду, айнек идиштерди, чөйчөк, мискей, күйгүч, чырак, меш, шпатель, ковша, кайчы, балка, чопо жана суу мончолору, жүндөн жана чүпүрөктөн жасалган фильтрлер, түтүк жана башкаларды ойлоп тапкан.

Медицина[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Разинин медицина тармагындагы негизги эмгеги болуп “Аль-хави” (Медицина боюнча барын камтыган китеби) жана 10 томдон турган “Мансурга арналган медицина китеби” атту эмгектери араб тилинде чыккан. Аталган китептер кийинчерээк араб тилине которулуп, бир нече жылдар бою дарыгерлер колдонгон китеп болгон. ал бейтапканаларды салуу эрежелерин, аларга ылайыктуу жер тандоо насыятын түзүп, дарыгерлердин специализацияларынын мааниси (“Бир дарыгер бардык ооруларды даарылай албайт”) жана медициналык жардам жана дарыгери жок калкка өзүнө өзү жардам көрсөтүү (даарыгери жоктор үчүн медицина”) сыяктуу эмгектерди жараткан.

Математика жана астрономия[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази “Убакыт жана мейкиндик китебинде” жазылган математикалык атомизмдик окуунун жактоочусу болгон. Ал “чет жактан чарчылардын кыясызыктарынын ченелбестиги жана анын геометрияга тиешеси жок фактысы жөнүндө трактат” жазган. “Жердин шар формалуу таияты, жылдыздар жана космостор жалпысынан” аттуу трактаттары да белгилүү.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Разинин эмгектери жөнүндө “Деххода сөздүгүндө” төмөндөгүдөй айтылган: Ибн ан-Надим “Алфехрест” (мазмун) деген китебинде Закария Разинин эмгектеринин санын 167 деп, ал эми Абурейхан Бируни “Кол жазмалар” китебинде анын астрономия жана математика тармагында 7 китеп, философия же медицина боюнча түшүндүрмөлөр же кыскартуулар боюнча 17 китеп, философия илими боюнча 6 китеп, 14 диний, алхимия боюнча 22 китеп, каапырлар жонүндө 2 китеп, ар түркүн техника боюнча 10 китеп, жалпысынан 184 китеп десе, Ибн Абу Усайбиа 238 китеп Закария Разиге таандык деп эсептеген. Ал эми Тегеран университетинин устаты Махмуд Нажам Абади “Абу Бакр Мухаммад Закария Рази жөнүндө жазуучулар жана эмгектер” деген китебинде мындай деп жазылган: 1339-жылы Тегеран университетинин басмаканасы тарабынан жарыка чыккан китепте Ибн ан-Надим, Абурейхан Бируни, Ибн аль Кифти жана Ибн абу Усайбиа китептерине салыштырма иштери жүрүп жалпысынан 271 китеп, макала жана баяндама жазган.

Ички ооруларды даарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази химиялык дарыларды ден соолука зыян деп билген, ал бейтаптардын оорусун мүмкүн болушунча тамак-аш менен же болбосо жөнөкөй даарылар же кошулмалар менен жеңсе болооруна тастыктаган. Ал: “Өзүнүн оорулуусун тамак-аш менен даарылаган ар бир табып жеңишке жетип, бактылуу боло алат” деген. Ал өзү ойлоп тапкан даарылардын көбүн алгач айбанаттарга текшерип, алардын натыйжасы менен таасирин жазып алып, андан соң бейтаптарды даарылаган.

Хирургия[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази дарыгер катары да атагы чыккандыктан кээ бир тарыхчылар аны “хирург” деп билишет. Анын эмгектерин изилдөө иштерин жүргүзүп абдан тажрыйбалуу иш билги хирург болгонуна күбө болобуз. Анын “Бөйрөк жана табарсыктагы таштар” жөнүндө жазган китеби бөйрөк жана табарсыктагы таштарды даарылоо жолу менен эле эмес хирургия жолу менен да айыктырса болоорун тастыктап, китебинде ташты алууда операцияга колдонуучу каражаттардын аттарын да жазган. Закария Рази манжалардын кургак учугу жөнүндө айткан медицина илиминдеги эң алгачкы доктур (табып) болгон.

Туура тамактануу[оңдоо | булагын оңдоо]

Закария Рази ден соолук чыңдап, ооруну даарылоодо туура тамактануунун ролу канчалык маанилүү экенин айткан эң биринчи адам болгон. Ал тамак-аш тууралуу “Тамактануунун пайдасы жана кемчиликтери” аттуу китебин толугу менен туура тамактанууга арнап, буудайдын жана башка дандардын касиетин, суу жана ичимдиктердин жана шарап спирт ичимдиктеринин зыяны менен пайдасын, жаңы жана кургатылган балыктын жада калса табиттин жыл мезгилине жараша болоорун, тамак сиңирүү, спорттук көнүгүүлөрдү кантип жасап, тамактын кошулмаларын жана тамака уулануу жөнүндө кенен жазган.

Эстеликтер[оңдоо | булагын оңдоо]

2009-жылдын июнь айында Иран Ислам Республикасынын өкмөтү имараттын илимий өнүгүүсү, тынчтыктын белгиси катары Ахаменид менен Исламдын архитектуралык стили айкалышкан төрт капкасы бар эстеликти Бириккен улуутар уюмуна тартуулаган.ал эстелик уюмдун кире беришиндеги негизги бөлмөнүн оң жагында жайгашкан. Бул эстеликте Ирандын төрт белгилүү философтору Омар Хаям, Абурейхан Бируни, Закария Рази жана Ибн Синанын айкелдери да орун алган. Ал эми Альборз обласындагы Закария Рази атындагы институт жана Керманшах шаарындагы университет Закария Разинин атынан коюлган. Андан тышкары иран жылнамасы менен шахривар айынын 5 Закария Разинин туулган күнүн “Фармацевтика” күнү деп Иран өкмөтү тарабынан бекитилген.

Закария Рази жөнүндө эмгектер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Закария Рази (көргөзмө), Абдулахи Шамаси, Гатре басмаканасы 1385, 0-627-341-964-978:ISBN.

Фарсы тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ибн ан-Надим “Альфехреси” (Мазмун) Тегеран 1350,
  • Иран Исламдан кийин Аббас Халили, 1-2 том Тегеран 1335,
  • Ислам цивилизациясынын интеллектуалдык илиминин тарыхы, хижри жылнамасын менен Vкылымдын ортосу, доктор ЗабинАллах Саба, Тегеран университетинин басмаканасы 1336,
  • Нафиси маданияты, доктор Назматебах, 5 том, Тегеран 1343,
  • Рей философу, Доктор Мехди Мохагег, Тегеран 1350,
  • Персия улуу генийи (Рази ирандык дарыгер), Доктор Махмуд Нажам Абади, 1341,
  • Иран уламыштары, Мехрдад Бахар, Тегеран, Маданият уюму, 1352,
  • Байыркы Рей, Хосейн Кариман, 2 том, Улуттук калдыктар уюму, 1346
  • Закария Рази жөнүндө жазуучулар жана эмгектер, Махмуд Нажам Абади, Тегеран университети 1339,
  • Илим тарыхынын котормосу, Жорж Сартин, Ахмад Арам, Тегеран 1336,
  • Иран мурастарынын котормосу, 13 чыгыштануучулардын калеми менен, Тегеран 1363
  • Ирандын тбайыркы мурастары, Ричард Фараи, Масуд Ражабниянын котормосу, Тегеран 1344,
  • Иран адабиятынын тарыхы, Мовафаг Альдин Абумансур Али, Абдул Халек Ахондовдун котормосу, Иран маданияты уюму басмаканасы,
  • Иран адабиятынын тарыхы, Англисче, профессор Эдвард Ббраун, Рашид Ясеминин котормосу, Тегеран 1316
  • Улуу Рази, Парвиз Азкаии, Жаңы дизайн басмаканасы, Тегеран 1382.

Араб тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Закария Рази кол жазмалар тизмеси, Абурейхан бируни, Павел Крастын жардамы менен басылды, Париж 1936,
  • Араб адабиятынын тарыхы, Жоржи Зандан, 5 том, Египет 1912,
  • Ислам цивилизациясынын тарыхы, Жоржи Зандан, Али Жохар Каламдын котормосу, Тегеран 1336,
  • Ислам бейтапканаларынын тарыхы, Доктор Ахмад Исабик, Дамаск 1337.

Европа тилдеринде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Улуу дарыгер, Англис тилинде (The great Doctors), Генри Е. Нью-Йорк 1958,
  • Медицина тарыхы, Англис тилинде (History of Medicine), Доктор Ральф , 1954,
  • Ирандагы Медицина тарыхы, Англис тилинде (A Medicine History of Persia), Доктор Сирил Елгууд, Кембриж 1951,
  • Закария Разинин өмүрү жана эмгектери, Англис тилинде (Life and work of Rhazes) С.Е.Ранкингс, Лондон 1913,
  • Медицина, фармацевтика, стаматология жана ветеринария тарыхы, француз тилинде (Histoire générale de la médicine et de la pharmacie et de I'art dentaire et de I'art vétérinaire), Профессор Лавастин Л. Жетектеген медицина илиминдеги бир канча даанышмандардын катышуусу менен. 3 том, Париж 1936,
  • Булгилүү дарыгерлер, Француз тилинде (Réné Dumenil) Женева 1974,
  • Араб адабиятынын тарыхы, Немис тилинде (Geschichte der Arabischen Litteratur), Карл Брокельман 1937.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Hecht, Jennifer Michael (2003). Doubt: A History: The Great Doubters and Their Legacy of Innovation from Socrates and Jesus to Thomas Jefferson and Emily Dickinson. Harper San Francisco. ISBN 0-06-009795-7.
  • Mirfetros, Ali (1978), "Zendiqs and Materialistic Thinkers",Hallaj (10th ed.), Alborz Press, pp. 102–126.
  • ↑ ۲۵۱ ه‍.ق برابر با ۲۴۴ خورشیدی و ۸۶۵ - ۳۱۳ ه‍.ق برابر با ۳۰۴خورشیدی، ۹۲۵
  • Akande, Habeeb (2015). A Taste of Honey: Sexuality and Erotology in Islam (in English). Rabaah Publishers. p. 17. ISBN 978-0-9574845-1-1. Zakariyyā' ar-Rāzī (d. 925), a Persian polymath, who, under the name of Rhazes, later became one of the most important authorities for Latin scholasticism.
  • Kapur, Malavika (2015). Psychological Perspectives on Childcare in Indian Indigenous Health Systems (in English). Springer. p. 8. ISBN 9788132224280. Rhazes (or Rasis, or Muhammad ibn Zakariya Razi Persian (854 CE–925/935 CE) was a polymath, physician, alchemist and chemist, philosopher and important figure in the history of medicine
  • Robinson, Victor (1944), The story of medicine, New York: New Home Library
  • Porter, Dorothy (2005), Health, civilization, and the state: a history of public health from ancient to modern times, New York: Routledge (published 1999), p. 25, ISBN 0-415-20036-9
  • Changizi Ashtiyani, Saeed; Shamsi, Mohsen; Cyrus, Ali; Tabatabayei, Seyed Mohammad (2013). "Rhazes, a Genius Physician in the Diagnosis and Treatment of Nocturnal Enuresis in Medical History". Iranian Red Crescent Medical Journal. pp. 633–638. doi:10.5812/ircmj.5017. By then, he was credited for the discovery of sulfuric acid and ethanol.
  • "Saudi Aramco World :The Oil Weapons".
  • Bullivant, Stephen and Michael Ruse. The Oxford Handbook of Atheism. OUP Oxford, 2016-12-20. ISBN ‎9780199644650. “Razi produced a number of highly controversial philosophical critiques of prophecy and revelation. None of them is extant except in citations, but their titles alone make his programme clear: Book on the Prophets’ Fraudulent Tricks; Book on the Ploys of the Impostors of Prophecy; and Book on the Refutation of Religions.5 The Qur ’an, according to Razi, is‘full of contradictions and does not contain any useful information or explanation' [...] How come do you deem it necessary that God would single out some for prophecsy and some not, and give them privilege over the people as their guides, and make people dependent on them? And how come do you deem it fitting the wisdom of the All-wise [God] to choose this for them, inciting one against another, enforcing enmities among them, increasing war among them, and thus bringing death upon the people?”
  • Stroumsa, Sarah. Freethinkers of Medieval Islam: Ibn Al-Rawāndī, Abū Bakr Al-Rāzī and Their Impact on Islamic Thought. BRILL, 1999-01-01. ISBN ‎9004113746. “By these worthless stupidities he intended to butteres his claims and to expose the fradulent tricks and senseless myth. [...] You are talking about a work which recounts ancient myths, and which at the same time is full of contradictions.
  • Starr, S. Frederick. Lost Enlightenment: Central Asia's Golden Age from the Arab Conquest to Tamerlane. Princeton University Press, 2013-10-06. ISBN ‎9781400848805. “By God what you say astonishes us! You are talking about a work which recounts ancient myths, and which at the same time is full of contradictions and does not contain any useful information or explanation.”
  • Перейти↑ Jennifer Michael Hecht, "Doubt: A History: The Great Doubters and Their Legacy of Innovation from Socrates and Jesus to Thomas Jefferson and Emily Dickinson", pg. 227-230
  • Перейти↑ Stroumsa, Sarah. Freethinkers of Medieval Islam: Ibn Al-Rawāndī, Abū Bakr Al-Rāzī and Their Impact on Islamic Thought (in English). BRILL. p. 103. ISBN 9004113746.
  • Перейти↑ Bullivant, Stephen; Ruse, Michael. The Oxford Handbook of Atheism (in English). OUP Oxford. ISBN 978-0-19-166740-4.
  • Перейти↑ http://daneshnameh.roshd.ir/mavara/mavara-index.php?page=محمد+زکریای+رازی&SSOReturnPage=Check&Rand=0
  • Перейти↑http://www.unis.unvienna.org/unis/pressrels/2009/unisvic167.html
  • Перейти↑ Seyyed Hossein Nasr (1993), An Introduction to Islamic Cosmological Doctrines, p. 166. State University of New York Press, شابک: ‎۰-۷۹۱۴-۱۵۱۶-۳.
  • Перейти↑ Rafik Berjak and Muzaffar Iqbal, "Ibn Sina—Al-Biruni correspondence", Islam & Science, December 2003.
  • Перейти↑ Corbin, Henry (1998). The Voyage and the Messenger: Iran and Philosophy. North Atlantic Books. p. 72. ISBN 978-1-55643-269-9. Al-Razi was posthumously accused of having plagiarized his master in Nasr-i-Khosraw polemics, and the latter did not hide his sympathy for Iranshahri.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асимов А. Илим жана өнөр энциклопедиясы, 1 том, Мосахеб Махмуддун котормосу, Экинчи басылыш, Илимий жана маданий басмаканасы, 1266, 127
  • Деххода Али Акбар, Деххода сөздүгү, 43 том, Тегеран, Сөздүк уюму, 1334, 577
  • Рази, Абубакр Мухаммад бин Закария, Илимий даанышмандардын кыска өмүр баяндары. Махбубин Садегдин котормосу, Тегеран 1374,
  • Моаиин Мухаммад, Фарсы сөздүгү, 5 том, 9 басылыш, Тегеран Амир Кабир басмаканасы 1375,
  • Нажам Абади, Махмуд Мохаммад Закария Рази, Тегеран, Закария Рази университетинин басмаканасы,
  • Нажам Абади, Махмуд, Ангемелер жана жомоктор, Экинчи басылыш, Тегеран, Тегеран университетинин басмаканасы, 2536,
  • Кампел, Орто кылымдардагы араб медицинасы жана анын таасири,
  • Садри, Мустафа Садр Аддин, Ражалдын өмүр баяны жана Ирандын төбөлдөрү,
  • Парс вебсайты, 20 фарвардин
  • Философтордун вебсайты, 1385 жыл, 1 исфанд.

Илим, билим