Мухан каган

Википедия дан

Мухан каган – 553–572-жылы Түрк кагандыгын бийлеген каган. Бумын кагандын уулу. Агасы Кара Ысык каган өлгөндөн кийин (553-жылы) такка отурган. Ал жужандарды (аварларды) биротоло талкалап, түндүкжактагы Цигу (кыргыз же чик) мамлекетин караткан. Көп узабай эле моңгол урууларын, Түштүк-батыш тараптагы Манжурия кидандарын, Енисейдеги түрк тилдүү кыргыздарды басып алат да, Борбордук Азия жана Түштүк Сибирдеги бийлигин биротоло бекемдейт. Ага Түндүк Кытайдагы эки мамлекет (Ци жана Чжоу) салык төлөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]