Мухина, Вера Игнатьевна

Википедия дан

Мухина, Вера Игнатьевна (1889, Рига – 1953, Москва) – совет скульптору, СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР САнын анык мүчөсү (1947). Москвада (1909–12) К. Ф. Юон менен И. И. Машковдон, Парижде (1912–14) Э. А. Бурделден таалим алган. чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында кубизм агымынын таасиринде болуп, татаал динамикалык чечилиште көрсөтүлгөн “Шамал” (1926-27), “Дыйкан аял” (1927) сыяктуу скульптураларды түзгөн (экөө тең Третьяков галереясы). Кийинчерээк М. скульптуралык портреттердин бүтүндөй галереясын жараткан. Бул эмгектерине каармандардын ички дүйнөсүнүн ажарын ачкан таасын деталдар (“С. А. Замков”, мрамор, 1935; “Академик А. Н. Крылов”, жыгач, 1945, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1946) мүнөздүү. М-нын “Жумушчу жана колхозчу аял” (1935–37, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) деген композициясы социалдык реализм искусствосундагы этаптык чыгармалардан. М-нын эң мыкты чыгармалары катары советтик адамдардын каармандыгын чагылдырган “Б. А. Юсупов” жана “И. Л. Хижняк” (экөө тең гипс, 1942, Третьяков галереясы; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943), Н. Д. Шадрдын макети боюнча иштелген Москвадагы Горькийдин эстелиги (Н. Г. Зеленская жана З. Г. Иванова менен бирге, архитектор З. М. Розенфельд; коло, гранит, 1951; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952), “Тынчтыкты талап кылабыз!” (Н. Г. Зеленская, З. Г. Иванова, С. В. Казаков, А. М. Сергеев менен бирге; гипс, 1950, Орус музейи, Ленинград; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) композициясы жана башка эсептелет. Эки орден, медалдар менен сыйланаган. М-нын ысымы Ленинград жогорку сүрөт өнөр жай окуу жайына берилген (1953).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]