Мушкетов, Дмитрий Иванович

Википедия дан
Д. И. Мушкетов

Мушкетов, Дмитрий Иванович (1882, Петербург ш. – 1938, Магадан облусу) – орус геологу, Ленинград тоо-кен ин-тунун профессору. И. В. Мушкетовдун баласы. Караколдон (Пржевальск) Ферганага чейин, Нарын аймагын, Чилмайрам ж-а Чилустун тоолорунун палеозойдогу стратиграфиясын изилдеген. 1908-ж. Чыгыш Фергана аймагынын геол. картасын тартуу иштерин баштап, аны 1916-ж. аяктаган. Орто Азиянын тектоникасынын негизги проблемаларын камтыган эмгектери белгилүү. «Түркстандын геол. очерктери» эмгеги (1925) схемалуу геол. карталар менен толукталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]