Мыйзам ченемдүүлүктөр

Википедия дан

1-чи мыйзам ченемдүүлүк – четтөөчү (лимиттенген) факторлордун эрежеси (Ю.Либихтин минимум мыйзамы, 1840):[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн көбөйүшү, таралышы чексиз эмес жана оптимумдан ары же бери кыйшайган фактор менен чектелет.

Мисалы, нымдын жетишсиздиги жана жогорку температуралар организмдерге түштүккө жылууга мүмкүнчүлүк бербейт, ошол себептен жылуулукту жана суукту сүйүүчүлөр (пил жана ак аю) жана нымды жана кургактыкты сүйүүчүлөр (липа жана саксаул) деп ажыратылат


2-чи мыйзам ченемдүүлүк- толеранттулук мыйзамы (Э. Шелфорддун эрежеси, 1913):[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир фактордун организмге оң таасир этүүсүнүн белгилүү чектери бар. Фактордун ашыкча дагы жетишсиз дагы таасири организмдердин жашоо тиричилигине терс таасир этет. Оптимумдан канчалык тигил же бул тарапка кыйшаюсу жогоруласа ошончолук фактордун организмге басаңдоочу таасири жогорулайт.

3-чү мыйзам ченемдүүлүк организмдин ар башка функцияларына фактордун бирдей эмес таасири:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир эле фактор организм функцияларына ар кыл таасир тийгизет.

Мисалы, температуранын тигил же бул градуска кыйшаюсу организмдер үчүн таасири чоң.

Буга жакшы мисал болуп күрөң аюнун жашоо мүнөзү боло алат. Кышында, температура төмөндөгөндө, алар активдүүлүгүн төмөндөтөт да уйкуга түшүшөт, ал эми температура жогорулагандан тартып, активдүү кыймылы, өсүп өнүү, көбөйүү процесстери активдешет.

4-чү мыйзам ченемдүүлүк – факторлордун биргелешип организмге тийгизген таасири:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чөйрөнүн баардык факторлору жаратылышта организмге бир убакытта таасир этишет, ар бир өз өзүнчө эмес, б.а. жөнөкөй сумма түрүндө эмес, татаал карым катнаштагы комплекс катары.

Мында бир фактордун башка бир фактордун таасири астында күчөшү же басаңдашы байкалат, жыйынтыгында фактордун абсолюттук күчү фактордун таасир этүү күчүнө барабар болбойт.

Мисалы, ысык күн кургак абада жеңил өтөт, нымдуу абага салыштырганда, тоңуп калуу коркунучу шамалдуу аба ырайында, шамалсыз аба ырайына салыштырганда жогорураак.

Факторлордун мындай өз ара таасир этүү мыйзам ченемдүүлүктөрү факторлордун констелляциясы деп аталат.

Демек, бир эле фактор башкалар менен айкалышта бирдей эмес экологиялык таасир тийгизет. Тескерисинче бир эле экологиялык эффектти ар кандай жол менен алса болот. Мисалы, нымдын жетишпегенин сугаруу менен же болбосо температураны төмөндөтүү менен компенсацияласа болот. Бирок факторлорду өз ара компенсациялоодо өзүнүн чектери бар жана бир факторду башка факторго толугу менен алмаштыруу мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva