Мыйзам чыгаруучу жыйын

Википедия дан

Мыйзам чыгаруучу жыйын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы - Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-ж. 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп, сунуштарды иштеп чыккан.

Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын курамындагы Мыйзам чыгаруучу жыйын; сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын составын-дагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 58-статьяда көрсөтүлгөндөй Мыйзам чыгаруучу жыйындын бийлик-укугуна төмөнкүлөр кирет: мыйзамдарды кабыл алуу; өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; мыйзамдарга официалдуу түшүнүк берүү; эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо; аскер наамдарын, дипломаттык, даражаларды, класстык чиндерди башка атайын наамдарды белгилөө; мунапыс жарыялоо; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо; контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын, орун басарын жана анын аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу; Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу ж. б.

63-статъяга ылайык, Мыйзам чыгаруучу жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылышы мүмкүн. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык кеңешменин иштеп чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6