Мыкты көзгө атар

Википедия дан

"Мыкты көзгө атар" (англ. Top Gun, орус. Лучший стрелок) — 1986-жылы Америкада тартылган аскердик экшн драмасы. Режиссеру Тони Скотт. Тасмага Дон Симпсон менен Жерри Брюкхаймер Paramount Pictures компаниясы менен биргеликте продюсерлик кылышкан. Сценарийин жазгандар Жим Кэш менен Жэк Эппс. Калифорния журналында үч жыл мурда жарык көргөн "Мыкты көзгө атар" аттуу макаладан эргүү алып тартылып калган. Башкы каармандардын ролдорун ойгондор Том Круз, Келли Макгиллис, Вэл Килмер, Энтони Эдвардс жана Том Скерритт. Круз аскердик-деңиз авиациясынын жаш лейтенанты, "Мэверик" каймана ысымдуу Пит Митчеллдин ролун жаратат. Ал жана анын "Каз" каймана аттуу аскер-деңиз авиациясынын офицер кесиптеши Ник Брэдшого Сан Диегодо жайгашкан Мирамар станциясындагы Деңиз-аскер флотунун Мушташ мектебинде машыгуу мүмкүнчүлүгү берилет.

"Мыкты көзгө атар" 1986-жылдын 16-мартында кинотеатрларга чыккан. Тасма чыгаары менен жалпы жонунан киносынчылардын бир беткей баасына татыган эмес, бирок көпчүлүгү окуялардын өнүгүшү, эффекттер, көк асманда аткарылган кыймыл-аракеттер боюнча жакшы ойлорун айтышкан. Ал эми Круз менен Макгиллистин актердук чеберчиликтери көп мактоого татыган. Киносынчылардын аралаш баасына татыганына карабастан 15 млн долларга тартылган тасма 365 млн доллар топтоо менен каржылык жактан ийгилик жараткан. Жараткан ийгиликтеринен улам тасма көп жылдар бою культтук киного айланып, 2013-жылы IMAX 3D форматында кайра көрүүчүлөргө сунушталган. Ошондой эле тасма Оскардын "Эң мыкты ыр" номинациясын жеңип алган. Ыр "Менин демимди алып кет" деп аталган Берлиндин аткаруусундагы чыгарма.

2015-жылы "Мыкты көзгө атар" АКШнын Конгресс китепканасы тарабынан "маданий, тарыхый же эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Улуттук кинотасмалардын реестрине киргизилген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]