Мырзабаев Кадырбек Соорбекович

Википедия дан

Мырзабаев Кадырбек Соорбекович (11.9.1967-ж.т., ЖаңыБазар айылы) - коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Хабаровск шаарындагы Ардактуу консулу (2013).

Ленинград шаарындагы С.М.Киров атындагы токой-техникалык академиясын (1994), Кыргыз мамлекеттик университетин (2003) бүткөн. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1985-87). 1994-97-жылдары белгиялык «Бекмэн энд Иоргенсен» фирмасында, 1997-98-жылдары швециялык «Шмидт энд Олофсон» фирмасында токой боюнча эксперт, 1999-2006-жылдары өзүнүн «Политрейд СПб» фирмасын түзүп, жетектеген. 2006-13-жылдары Хабаровск шаарында 6 фирмадан турган холдингди негиздеген жана ошол эле мезгилде «Даллеспромтранст», «Терминал С», «Технотрейд», «Авангард ДВ», «Партнер» фирмаларында коммерциялык директор, генералдык директордун орун басары, директордун милдетин аткаруучу, генералдык директор болуп эмгектенген. 2012-жылдан «Даль Монтаж Сервис» компаниясын негиздеп, жетектеп келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6