Мырзагулов Абдрахман

Википедия дан

Мырзагулов Абдрахман (1916, Кызыл-Токой айылы - 1984, ошол эле жер) - белгилүү комузчу, күүчү.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
  • 1955-жылдан райондук, облустук, республикалык кароо-конкурстарга катышып, бир нече жолу жеңүүчү болгон.
  • 1980-жылы Фрунзе шаарында борбордук телекөрсөтүүдөн “Сабыр какты”, “Шаттык” ж.б.11 күүнү,
  • 1983-жылы Фрунзеде 9 күү черткен.
  • 1984-жылы анын автордук “Абдрахмандын камбарканы”, “Жангел кедей”, “Кыйың кезең”, “Чаткал ыргагы” ж.б.10 күүсү Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6