Мырзакматова Айгүл Сапарбековна

Википедия дан

Мырзакматова Айгүл Сапарбековна (26. 5.1954-ж.туулган, Нарын шаары) - СССР жана Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1976).
  • 1976-97-жылдары Нарын шаарындагы жатак-мектепте тарых мугалими, директордун орун басары болуп эмгектенет.
  • 1980-жылдан Нарын облустук мектеп-лицейинде директор (мурунку жатак-мектеп).
  • Ал 50дөн ашык илимий макалалардын, окуу китептердин жана окуу куралдарынын, бир монографиянын автору.
  • Ошондой эле 5-, 10-, 11-класстар үчүн «Кыргызстан тарыхы» окуу китеби 1999-2009-жылдары 700 миң нуска менен 4 тилде (кыргыз, орус, өзбек, тажик) чыккан.
  • 1997-ж. орто жана жогорку окуу жайлары үчүн « Кыргыз этнографиясы » окуу китеби жарык көргөн.
  • 2003-жылдан Нарын мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын доценти.
  • 1996-жылдан 2003-жылга чейин мектеп лицейге директор болуу менен бир эле убакта Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Балыкчыдагы Менеджмент жана укук таануу институтунун Нарын шаарындагы филиалдарынын директору болгон.
  • Кыргызстан профсоюздарынын отличниги (1997).
  • Кыргыз ССР мугалимдеринин VI-VIII, Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I-II съездеринин делегаты.
  • Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Теги Суусамырлык, Мырзакматов Сапарбектин тун кызы.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9