Мырзакулов Балтабай

Википедия дан

Мырзакулов Балтабай (5.8.1928-жылы туулган, азыркы Талас облусу, (Кара-Буура району, Кара-Сай кыш.) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун Киров районундагы «Бакайыр» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1948–52-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1952-жылдан колхоздо бригадир, 1954-жылдан баш чабан болуп иштеген. Мал чарба азык-түлүгүн көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]