Мырзалиев Жуманалы Сатимбаевич

Википедия дан

Мырзалиев Жуманалы Сатимбаевич (1960-ж.т., Курулуш айылы) - медицина илимдеринин кандидаты (2014), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги.

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүткөн (1984).
  • 1984-85-жылдары Фрунзе шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын №1 урология бөлүмүнөн бир жылдык интернатурадан өткөн.
  • 1985-90-жылдары ошол эле жерде уролог врач,
  • 1990-2003-жылдары Улуу Ата мекендик согуштун майыптарынын Улуттук госпиталынын урология бөлүмүндө уролог,
  • 2003-жылдан Улуттук госпиталда сийдик-таш оорулары бөлүмүн жетектейт.
  • 20дан ашуун илимий макаланын автору.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, КыргыЗ Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” (2005) менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6