Мырзалиев Токторумбет Акылбекович

Википедия дан

Мырзалиев Токторумбет Акылбекович (17.2.1955-ж.т., Коргон-Сай айылы) - айыл чарбасынын мыкты кызматкери (2010).

  • Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1977).
  • 1971-72-жылдары “Чаткал” совхозунда жумушчу,
  • 1977-78-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда кенже илимий кызматкер,
  • 1978-80-жылдары “Башкы-Терек” совхозунда башкы ветеринардык дарыгер, 1980-83-жылдары Чаткал райондук комсомол комитетинин 2-катчысы,
  • 1983-85 жана 1990-91-жылдары райондук элдик көзөмөлдөө комитетинин инспектору,
  • 1985-88-жылдары Чаткал райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, каттоо жана айыл чарба бөлүмдөрүнүн башчысы,
  • 1988-90-жылдары “Чаткал” совхозунун партиялык комитетинин катчысы,
  • 1991-97-жылдары райондук ветеринардык станциясынын ветеринардык дарыгери, башчысы,
  • 1997-99-жылдары райондук агрардык департементтин директорунун орун басары, инспектору,
  • 1999-2000-жылдары райондук ЦСКСРдин консультант-кеңешчиси,
  • 2001-02-жылдары Кыргыз Республикасынын КАО райондук бөлүмүндө менеджер,
  • 2002-04-жылдары райондук айыл чарба департаментинин директорунун орун басары, мал чарбасы боюнча инспектору,
  • 2004-07-жылдары“Ай-Көл”айыл чарба кооперативинин башчысы,
  • 2007-12-жылдары райондук администрациясында башкы адис,
  • 2012-13-жылдары Кыргыз Республикасынын Ветеринардык департаментинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
  • 2013-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда башкы адис.
  • Грамоталар менен сыиланган.
  • Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы (2013).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6