Мырза Али Тагай

Википедия дан

МЫРЗА АЛИ ТАГАЙ (т. ж. белгисиз–1546-ж-дан кийин) – Моголстандагы саясий ишмерлеринин бири, эмир, Султан Саид хандын (1514–33), 1533-ж. кийин Абд ар-Рашид хандын (1509/10–60) жакын кеңешчиси. Хижранын 928-ж. (1521/22) Султан Саид хан аны Моголстандын улусбеги кылып дайындаган. М. А. Т. ж-дө маалымат жалгыз Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) жолугат. Бул эмгекте автор аны дуулат (дуглат, доглат) уруусунан экенин белгилесе да, кайра дуулаттардын Рашид хан тарабынан куугунтукталышы ж-а автордун аталаш агасы Саид Мухаммед мырзанын башы алынышына себепчи катары көрсөтүп, «куйту», «шайтанга да кызмат кылууга даяр» адам катары мүнөздөгөн. Бирок М. А. Т-дын дуулаттарга каршы болушунун анык себеби чечилбейт, б. а. автор аны өзүнүн ата-тегине таандык дуулаттарга кошкон эмес. Иш жүзүндө М. А. Т. дуулаттар м-н ар дайым каршылашып, кыргыздардын таламын коргогон жалгыз эмир катары сүрөттөлөт. Мис., 1521/22-ж. Султан Саид хан кыргыздарды биротоло багындырууну көздөп, аларга өз уулу Рашид же иниси Султан Халилдин уулу Баба бекти хан шайлоо тууралуу кеңеш кылганда, М. А. Т. Баба бектин хан болушун, б. а. кыргыздардын бөлүнүп кетишин көмүскө түрдө колдогон. Саид Мухаммед мырза болсо Рашид тарапта болуп, эгер Баба бек хан шайланса, араң турган кыргыздар ошол замат өз алдынча бөлүнүп кетерин далилдеп бергенде гана Султан Саид хан анын сунушуна макул болгон. Султан Саид хан о. эле жылы аны Моголстандын улусбеги кылып, ага 13 жашар Рашид ханды табыштаган ж-а Мухаммед Кыргызды кыргыздарга эмирликке дайындаган. Султан Саид хан өлгөндөн кийин, М. А. Т. Абд ар-Рашид хандын эң жакын кеңешчисине айланган, бирок тактын тегерегиндеги адамдарды куугунтуктоо башталганда Каратегинге качкан. Кыргыз санжырасында Тагай бий (ген. уламыштар б-ча Долон бийдин небереси) ак үйлүү болуп, Эреше (Рашид) хандын колунда жүрүп келгени айтылса, В.В. Бартольд жеке түрүндөгү «доголан» көптүк түрдө «доголатка» өтүшүп кетерин эскертет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мухаммед Хайдар Дулати, Тарих-и Рашиди. А., 1999;
  • Турганбаев Э. Мухаммед Кыргыздын теги Долон бийби? //Кыргызстан тарыхынын маселелери. 2006. №4.