Мысаканов Аскарбек Момункулович

Википедия дан

Мысаканов Аскарбек Момункулович (29.7.1953-ж.т., Талас району, Жерге-Тал айылы) - финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери, финансы-экономикалык кызматынын отличниги.

  • Фрунзе экономика-финансы техникумун бүткөн (1977).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1972-74).
  • 1971-72-жылдары “Жерге-Тал” совхозунда башкы чабан,
  • 1974-75-жылдары жумушчу,
  • 1977-80-жылдары Ленинполь райондук финансы бөлүмүндө инспектор, башкы экономист,
  • 1980-81-жылдары Талас облусунун финансы бөлүмүндө башкы экономист,
  • 1981-83-жылдары Чаткал райондук финансы бөлүмүндө киреше бөлүмүнүн башчысы,
  • 1983-87-жылдары партиянын райондук комитетинде ага бухгалтер,
  • 1987-90-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунда башкы бухгалтер,
  • 1990-2006-жылдары райондук мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору, башчысы,
  • 2007-10-жылдары Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы,
  • 2010-13-жылдары Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
  • 2013-жылдан башкы адиси.
  • Грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6